Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

ЕККУ: Үгүт маалындагы камоолор тынчсыздандырат


 Тамаш Месерич
Тамаш Месерич

30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары дагы көз салды. Жалпысынан 356 эл аралык байкоочу добуш берүү күнү 1180 шайлоо тилкесине барып, жараянга байкоо салды.

Эл аралык миссия өкүлдөрү Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн билдирип, ошол эле маалда талапкерлерге жана шайлоочуларга терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү дагы белгилешти.

“Азаттык” ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Тамаш Месеричке бир нече суроо узатты.

- Бул шайлоо маалындагы жалпы саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Ачык талкууларга жана саясий плюрализмге жол берилдиби же чыңалуу жана чектөөлөр басымдуу болдубу?

- Байкоочуларыбыздын жана өзүбүздүн талдоочуларыбыздын маалыматына таянып айтарым, үгүт өнөктүгү анчалык жандуу болгон жок. Бул абдан солгун жана өтө жергиликтүү деңгээлдеги өнөктүк болду. Мунун бир себеби – жаңы шайлоо системасы.

Бул көбүнчө өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер болгондуктан алар үгүт иштеринде жергиликтүү маселелерге басым жасашты. Ошол эле учурда айрым маектештерибиз үгүт иштерин жөнгө салуудагы чектөөлөрдөн улам активдүү боло албаганын айтышты. Анткени БШКнын бул эрежелерди чечмелөөсү да өтө татаал болду.

Ошентип, биз талапкерлер шайлоочуларга өз саясий көз караштарын толук билдире албаганын жана эл менен кенен-кесири пикир алыша албаганын көрдүк. Бул ушул шайлоонун кемчилиги.

- Сиз белгилегендей, Кыргызстандын шайлоо системасында мыйзамдык өзгөрүүлөр болду. Алар демократиялык принциптерди бекемдедиби же Кыргызстандагы саясий атаандаштыкты чектедиби?

- Шайлоо системасынын айрым элементтери чектөөчү мүнөзгө ээ болду деп ишенимдүү айта алабыз. Эл аралык стандарттарга жана чындыгында мурунку сунуштарга карама-каршы келген ашыкча чектөөлөр болду. Бул өзгөчө талапкерлерди каттоого тиешелүү. Негизинен, бул Кыргызстанда талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, биздин оюбузча, керексиз чектөөлөрдү жаратты.

Эки мисал келтирейин. Шайлоого талапкер болуп катышуу үчүн жогорку билим талап кылуу кайсы гана өлкөдө болбосун сейрек кездешүүчү көрүнүш. Бирок биз башкалар менен салыштыруу жүргүзбөйбүз. Андан да маанилүүсү - кылмыштуулугу жоюлгандыгына карабастан, мурда соттолгон жарандарга талапкер болууга тыюу салынды.

Шайлоо мыйзамдары кабыл алынып жаткан учурда биз бул пикирлерди билдиргенбиз. Андыктан бул сын-пикирлер жаңылык эмес, алар ошол учурда эле кыргыз бийлигине айтылган.

- Эми саясий оппозиция тууралуу сөз кылалы. Өзүңүз билгендей, шайлоого бир жума калганда бир топ саясий активисттер кармалды. Бул камоолордун жараянга таасири кандай болду?

- Тергөө жүрүп жаткандыктан, фактылар жана окуянын чоо-жайы тууралуу биз өтө аз билебиз. Ошол эле маалда, албетте, кырдаалга көз салып жатабыз. Камоолор тынчсызданууну жаратат. Үгүт өнөктүгүнүн так ортосунда мындай камоолордун болушу, албетте, үгүттүн жандуу жүрүшүн чектеди окшойт.

- Бул аракеттер саясий оппозицияга басым жасоо же коркутуунун белгилери болушу мүмкүнбү?

- Биринчиден, бул шайлоого саясий партиялар катышпагандыктан, ким оппозициячыл талапкер экенин айтуу кыйын. Албетте, бизде жергиликтүү маектештерден алынган маалыматтар бар. Бирок ким оппозициячыл, ким башка көз карашта экени тууралуу так далилдерибиз жок.

Шайлоонун саясий жыйынтыктары тууралуу биз аз билебиз, бирок айрым маектештер, анын ичинде талапкерлер, коркутуучу таасири тууралуу айтышты. Бул жарым-жартылай мен айтып өткөн үгүт эрежелерине, жарым-жартылай "айрым маселелерди айтууга болбойт" деген сыяктуу маалыматтардын тарашына байланыштуу.

Бирок бизде мунун жалпы таасири боюнча толук баа жок, анткени үгүт иштеринин активдүүлүгүнүн төмөн болушуна башка факторлор да салым кошту.

- Кандай башка факторлор болушу ыктымал?

- Бул жерде маалымат каражаттарындагы чөйрө чоң мааниге ээ. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү жаңы мыйзамдар өлкөнүн көптөгөн эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп сындашат. Натыйжада, үгүт өнөктүгүн чагылдыруу минималдуу деңгээлде да болгон жок. Болгону акысыз эфир убактысы же "бул талапкер бул жерде жолугушуу өткөрдү" деген сыяктуу процедуралык маалыматтар гана берилди. Бул, албетте, маалыматсыз үгүт өнөктүгүнө алып келген фактор. Ошондой эле бул шайлоочулардын талапкерлер жөнүндө толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.

- Демек, Кыргызстан аймактагы кээ бир кошуналарына окшоп, эксперттердин “авторитардык моделге ыктап баратат” деген баасы канчалык негиздүү?

- Дагы айтам, бул биздин мандаттан тышкары нерсе. Биз Кыргызстанда гана эмес, кайсы гана өлкөдө болбосун, саясий окуялардын шайлоо процессине тийгизген таасирин гана баалайбыз. Биз мындай баа бербейбиз. Бул кыргыз элинин чечими. Алар өз саясий системасын тандоодо эркин болушу керек. Бизде, мисалы, шайлоо системалары боюнча эл аралык стандарттар жок. Ошондуктан биз үч мандаттуу, бир мандаттуу округдук система партиялык тизмеге караганда жакшы же жаман деп айта албайбыз. Менин буга жеке көз карашым бар, башкалардын да көз карашы башкача болушу мүмкүн. Бирок биз баалообузду өз каалоолорубузга эмес, өлкө өзүнө алган эл аралык стандарттарга негиздейбиз.

- Өзүңүз билгендей, Кыргызстанда парламенттик системадан президенттик башкарууга өттү. Бул жолу парламенттик шайлоого бир гана саясий партия катышты. Сиздин оюңузча, Кыргызстан кайрадан парламенттик системага кайтышы керекпи?

- Бул ар бир элдин өз иши. Дүйнөдө жакшы иштеген парламенттик системалар да, жакшы иштеген президенттик системалар да бар. Андыктан бул биз баа бере турган нерсе эмес.

Биздин баалообуз боюнча, ар кандай саясий системаны демократиялык принциптерге шайкеш келтирген нерсе - биринчи кезекте негизги саясий эркиндиктердин сакталышы. Бул сөзсүз түрдө саясий түзүлүштүн бөлүгү эмес, башкача айтканда, система президенттикпи же парламенттикпи, андан көз каранды эмес.

Биз ошол өлкөдө негизги баалуулуктардын - эркин чогулуу, сөз эркиндигинин жана башка саясий эркиндиктердин сакталышын карайбыз. Конституция ага кепилдик берет, бирок бизди тынчсыздандырганы – төмөнкү деңгээлдеги мыйзамдар жана аларды колдонуу практикасы чектөөчү мүнөзгө ээ болуп, көптөгөн шайлоочулардын же талапкерлердин эркиндиги толук камсыздалбай калды.

- Мындай өткөөл маалдын артыкчылыктары же кыйынчылыктары кандай болушу мүмкүн?

- Бизде жаңы парламенттин курамы кандай болору тууралуу так далилдер жок. Биз ысымдарды билебиз, талапкерлер ким экенин билебиз. Жаңы парламенттеги көпчүлүк мурда партиялык тизме менен же партиялардын колдоосу менен шайланган экс-депутаттар экенин да билебиз. Алар парламенттик топторду же фракцияларды түзөбү, муну кийинчерээк көрөбүз. Андыктан 15-декабрда алар биринчи отурумга чогулганга чейин күтүшүбүз керек. Ошондуктан мунун жалпы таасири кандай болорун азыр айта албайм.

Биз байкагандай, үгүт маалында улуттук деңгээлдеги маселелер өтө аз көтөрүлдү. Ошондой эле алардын бири да кеңири талкууланган жок. Дагы айтам, жаңы шайланган депутаттар биринчи сессияда эмне кыларын билбейбиз. Балким, алар ошол улуттук маселелерди кайра көтөрүп чыгышар. Бул алардын тандоосу. Биздин оюбузча, шайлоочулар талапкерлер эмнени жактап жатканы тууралуу толук маалымат ала албай калышты, бул кемчилик болду. Бирок натыйжаны келечекте көрөбүз.

- ЕККУ жылдар бою Кыргызстандагы шайлоолордо кандай көйгөйлөрдү байкап жүрөт жана аларды чечүүдө сунуш-пикирин береби?

- Мурункуга окшош бирдиктүү системалык маселе жок. Бирок азыркы шайлоодогу айкын системалык маселелердин дээрлик бардыгы укуктук базага жана анын кемчиликтерине барып такалат. Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун сунуштары кечээ жарыяланган алдын ала билдирүүгө кирген жок. Алар шайлоо күнүнөн болжол менен эки айдан кийин чыга турган жыйынтыктоочу отчетто болот. Биз кийинки 10-12 күндө ошол сунуштардын үстүндө иштейбиз. Андыктан азыр ал сунуштар кандай болорун так айта албайм.

- Тамаш мырза, сизге чоң рахмат.

ЕККУ: Талапкерлерге жана шайлоочуларга көп чектөө болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:44 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG