Талапкер Элдар Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, буга чейин №26 шайлоо округунда аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылды.
“Негизи бул шайлоодо үч чоң мыйзам бузуу болду. Бишкек шаарында эки талапкер айым боюнча акча кармалып, анан ал айымдар дароо эле шайлоодон четтетилди. Бир канча киши кармалды. Ошондой эле окуя биздин №26 округда болду. Бирок, негедир, бир жумадан ашты, эч нерсе боло элек – бир дагы талапкер, акчанын ээси табыла элек. Ошонусу өтө кызык болуп жатат. Ошон үчүн ал жерде менин койгон талабым – болгону мыйзам чегинде ошол акчанын ээсин таап, ошол талапкер шайлоодон четтетилсин деп арыз жаздым. Эгер кандайдыр бир шарттар менен такыр эле аны таппай койсок, анда, мен ойлойм, биздин аймактагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра жаңы шайлоо башталса туура болмок. Анткени 460 миң сом деген чоң акча. Жүздөгөн, миңдеген адамдардын добуштары сатылды окшойт. Демек, шайлоонун жыйынтыгы да ойдогудай эмес. Интернеттеги акча, видеолор ошону далилдеп турат”.
Абакировдун кайрылуусу боюнча укук коргоо органдары териштирип жатканы белгилүү болду. Борбордук шайлоо комиссиясы ИИМдин териштирүүсүнөн соң бул арызды карарын билдирди.
Негизи добуш сатып алуу аракети боюнча шайлоого бир күн калганда блогер Атай Бейшенбек видео жарыялап, ал окуя Кеминде болгонун жазган. Бирок, андан бери аталган окуя боюнча кандай чара көрүлгөнү белгисиз бойдон турат.
Бул округда, БШКнын баштапкы жыйынтыгы боюнча, Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышынын депутаты Медербек Саккараев менен Эркинбек Исеналиев алдыда келе жатат.
Дагы бир талапкер Мурадил Сыдыков шайлоодон кийин социалдык тармактарга жарыялаган видеотасмасында үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуш сатып алуу көрүнүштөрү да болгонун билдирүүдө.
“Тилекке каршы, биз добуш үчүн соода жүргүзгөндөр болгонуна күбө болдук. Бул биз күткөн таза атаандаштык эмес экенин жашыруунун кажети жок. Эл буга өзү күбө болду, өзү көрдү”.
Шайлоо күнү №13 округдун добушканаларынын биринде урнанын так үстүнө телефонду илип, добуш бергендерди камерага тартып жатканы ачыкталды. Аны уюштургандар талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтып жатышты.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Улукбек Сулайманов ал окуяны ырастап, факты боюнча материал округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөнүн билдирди.
"2025-жылдын 30-ноябрь күнү Ноокен районуна караштуу №2410 шайлоо участкасында Б.Сыдыковдун өкүлдөрү тарабынан эсептөө урналарын видеокамерага тартып жаткандыгы аныкталган. Аталган факты Ноокен РИИБдин МЭЖне катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган материалдын мыйзамдуулугу райондук прокуратура тарабынан текшерилип, ал эми тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖПКнын 27-беренесинин негизинде, кабыл алынган чечим боюнча, №13 округунун шайлоо комиссиясынын төрагасына билдирүү берилип, №2410 шайлоо учаскасынын комиссия мүчөлөрүнө карата чара көрүү үчүн материал жиберилген".
Социалдык тармакта №5249 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу аракеттери тууралуу 28 секунддук видео жарыяланды. Видеодо белгилүү суммада акча берүү жолу менен добуш алуу аракети жасалып жатканы айтылган. Анда тартылган киши шайлоочулардын тизмесин жана акчаны тутамдап кармап турганын көрүүгө болот.
Ал шайлоо тилкеси Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында жайгашкан, №8 шайлоо округуна кирет.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) ыктымал добуш сатып алуу жөнүндө интернетте тараган видеого байланыштуу текшерүү иштерин баштаганын билдирди.
"Мыйзам бузуулар териштирилип, адилеттүү чаралар көрүлөт"
Борбордук шайлоо комиссиясы катталган мыйзам бузуулар боюнча жакын арада чечим кабыл алынарын билдирүүдө. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык иштер боюнча адилеттүү чечим кабыл алынарына ишендирди.
"Добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык. Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” — деген сын-пикирлер айтылууда. Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан №13 округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам", - деди ал 2-декабрда.
Ички иштер министрлиги 30-ноябрда парламент депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.
Шайлоо алдында кыргыз бийлиги өнөктүк таза өтөрүнө ишендирип, мыйзам бузууларга жол берилбесин айтып келди. Бирок президент Садыр Жапаров добуш сатып алуу көйгөйү дагы деле жоюлбай жатканын айтты.
“Азыр бир эле көйгөй болуп жатат. Шайлоочулар добушун сатып ийген, талапкерлер сатып алган учурлар болуп атат. Албетте, шайлоочулардын бардыгы добушун сатып атат деп айтпайм. Анткени, басымдуу көчүлүгү акчага дагы кызыкпайт. Анткени, жашоо-турмушу жакшынакай жана дүйнө таанымы дагы жогорку деңгээлде. Алар сатылбайт. Саналуу гана сатылгандар болуп атат – бир көчө болот экен, же болбосо бир үй-бүлө кланы менен болот экен. Биз ошолорду көрүп, кармап атабыз. Он чакты ушундай жагдай болду окшойт, териштирүү иштери жүрүп жатат”.
Үгүт өнөктүгү маалында №22 жана №24 шайлоо округдарынан Лира Акунова менен Гүлназ Халилова аттуу талапкерлердин өкүлдөрү акча таркатууга шектелип, натыйжада БШК аларды шайлоодон четтеткен. Укук коргоо органдары Акунованын кызы менен жээни добуш сатып алуу үчүн 360 миң сом таратканын, Халилованын уулу, дагы бир 43 жаштагы киши менен үй комитетинин башчысы добуш сатып алууга тартылганын, алардын батирин тинткенде 80 миң доллар жана 116 миң сом, штабдан 29 миң 500 сом табылганын билдирген.
"Миң үгүтчү жалдоо добуш сатып алуунун мыйзамдаштырылган түрү"
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) сыяктуу эл аралык уюмдардын байкоочулары шайлоо одоно мыйзам бузууларсыз, ачык-айкын өткөнүн билдирип жатышат. Ал эми Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок үгүт кампаниясы учурундагы “чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын активдүүлүгүнө терс таасир тийгизгенин” белгиледи.
ЕККУнун билдирүүсүндө “негизги эркиндиктер Конституцияда корголгону менен иш жүзүндө алар барган сайын чектелип жатканы” белгиленди.
“Бийлик талапкерлердин шайлоого катышуусун ашыкча көзөмөлдөп, “саясий ишмердик үчүн өч алууга туш болуудан чочулоо” шайлоочулардын кызыгуусун төмөндөтүп койду”, - деп айтылды билдирүүдө.
Саясий активист Адил Турдукулов добушун саткандарды да жоопкерчиликке тартуу зарыл деп эсептейт. Ал мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, талапкерлер үчүн программаларын элге ачык-айкын жеткирүү жолдорун кеңейтүүнү сунуштайт.
“Бул жерде добуш сатып алгандар гана эмес, добушун саткандар дагы бирдей жоопко тартылса туура болот эле. Ошону менен биз сатып алуу фактыларын дагы азайтмакпыз. Анткени добушту сатып алгандарды гана күнөөлүү кылбай, өз добушун, жарандык позициясын саткан адамды өзүнүн мекенин сатканга барабар деп айтсак болот. Ошондуктан ал кишиге дагы жок дегенде административдик кодекстин алкагында иш козголсо туура болот эле. Бирок, мыйзамдарда да мүчүлүштүктөр бар. Мисалы, бир миң үгүтчүнү жалдап алуу – бул дагы кыйыр түрдө добуш сатып алуунун бир түрү катары кабылдасак болот. Акчасын алган миң үгүтчү эки-үчтөн адамды алып келсе, бул деле сатып алуунун мыйзамдаштырылган бир түрү го дейм. Ошондуктан, үгүтчүлөрдүн санын азайтып, көбүрөөк убакытты үгүткө, дебатка орун бериш керек. Анткени, көбүнесе азыркы талапкерлер кайсы саясий платформа менен шайлоого баратканы бүдөмүк бойдон калды”.
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, катталган 460 талапкердин шайлоо фондуна жалпысынан 1 млрд 791 млн сом каражат чогулган. Анын 88% (1 млрд 581 млн сому) үгүт иштерине коротулган. Муну менен катар, катталган ар бир талапкерден алынуучу 300 миң сомдук күрөө каражаттан мамлекеттик казынага 147 млн сом жыйналды.
Шерине