Жекшембиде шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдар өз баасын жарыялоодо. Алардын айрымдары шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн белгилесе, кээ бири өлкөдө фундаменталдык эркиндиктер чектелген шартта уюштурулганын айтышты.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок үгүт кампаниясы учурундагы “чектөөлөр талапкерлердин жана шайлоочулардын активдүүлүгүнө терс таасир тийгизгенин” белгиледи.
“Бийлик талапкерлердин шайлоого катышуусун ашыкча көзөмөлдөп, “саясий ишмердик үчүн өч алууга туш болуудан чочулоо” шайлоочулардын кызыгуусун төмөндөтүп койду”, - деп айтылат билдирүүдө.
"Президентти колдогон көпчүлүк келатат"
Ал тапта коомчулуктагы шайлоонун өтүшү жана кимдер алдыга озуп чыкканы тууралуу талкуулар эми Жогорку Кеңештин жаңы курамы кандай иштейт, өз вазыйпасын аткаруу мүмкүнчүлүгү кандай деген темага ооду. Анткени, мурунку чакырылыштын депутаттары аткаруу бийлигине ыңгайлуу болгон көптөгөн мыйзамдарды кабыл алып берип, каяша айткандарын укук коргоо органдарынын колуна салып берген, айбатсыз иштеди деген сынга кабылган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде алдыда президенттин саясатын колдогон депутаттык курам келатат деген ишеничин билдирди.
“Ушул келерки шайланган Жогорку Кеңеште, менин оюмча, мурдагы Жогорку Кеңеш менен салыштырмалуу дагы президенттин саясатын колдогон көпчүлүк бар болот. Министрлер кабинети кабыл алынып жаткан мыйзамдардын тегерегинде, албетте, конструктивдүү диалогго даярбыз. Мурдагы бир катар чечимдерди кайра карап чыгышыбыз керек. Бир канча ондогон приоритеттүү мыйзамдардын тизмеси дагы даяр. Биз ушул мыйзам чыгаруучу табиятын туура түшүнүшүбүз керек жана туура түшүнүп келатабыз. Бул өкмөткө, же аткаруу бийлигине, же президентке акыл үйрөткүлө деп шайлаган жок элибиз. Мыйзам чыгарып бергиле жана... кармагыла деген мандат бар. Биз бара-бара ошону үйрөнүп келатабыз. Буюрса, жаңы регламентти кабыл алышыбыз керек, жаңы регламент өтө эффективдүү болушу керек. Демократияны күчтөндүрүшүбүз керек. Өтө эффективдүү регламент болот”.
Бул шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын көрсөткүчү 2021-жылдагыга караганда бир кыйла көп болгону менен күтүлгөндөй натыйжа болбогону байкалууда. Анткени, БШК бул ирет аралыктан добуш берүү ыкмасын киргизип, өз округунан башка жакта же чет элде жүргөндөргө ыңгайлуу шарт түзө алганын билдирген.
Эксперттер шайлоочулардын добуш берүүгө басмырт катышын өлкөдө парламенттин ролунун төмөндөшүнөн тарта талапкерлердин үгүт иштеринин суз жүрүшү менен саясий көз караштарды тандоонун аз болгондугуна байланыштырууда. Талапкерлер үгүт үчүн түзүлгөн шарттарды толук колдонгон жок, жадагалса көпчүлүгү мамлекеттик медиалар аркылуу өтүүчү акысыз дебаттардан да баш тартып жатышты.
"Парламентке мамлекетчил инсандар келсе жакшы болмок"
Баштапкы эсептөөлөр менен алдыга озгон талапкерлердин 49у VII чакырылыштын депутаттары экени белгилүү. Ишкер чөйрөдөн келгендер менен үлкөн аткаминерлердин жакын туугандары да көп.
Саясат талдоочу Венера Сайпидин парламенттин чыныгы функциясын жетик түшүнүп, ошого жараша иштеп кете алган талапкерлер келсе бийлик бутагы катары Жогорку Кеңештин аброю артмак деген пикири менен бөлүштү:
“Жогорку Кеңеш күчтүү бир жалпы улуттук масштабда ой жүгүртө алган, концептуалдуу ойлору бар, мамлекеттик түзүлүш жөнүндө түшүнүктөрү бар, Жогорку Кеңештин функциясын түшүнгөн, кандайдыр бир идеялар менен жашаган, мурда саясий айдыңда өзүнүн жигердүүлүгүн көрсөткөн инсандар келе турган жер болуп эсептелет. Бул ар кайсы тармактардын лидери, же ар кайсы чектелген аймакта гана белгилүү адамдар келе турган жер эмес экендигин биз туура түшүнүшүбүз керек. Анткени Жогорку Кеңеш – бул мамлекеттик институт. Мамлекеттик институттар күчтүү болгон учурда гана күчтүү мамлекет түзө алабыз. Бул шайлоо мыйзамындагы каржылык жактан аябай көп мүмкүнчүлүгү бар талапкерлерге жакшы шарттар түзүлбөдүбү. Бул да болсо өзүнүн интеллектуалдык, башка ресурстарын өнүктүрбөй, каржылык жактан ресурсу өнүгүп калган айрым бир мурда саясий айдыңда жок, мурда белгисиз талапкерлердин Жогорку Кеңешке келип калышына мүмкүнчүлүк түздү”.
Бул жолу өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран катталган. Мыйзамга ылайык, отуз шайлоо округу түзүлүп, ар биринде орточо 143 миңден шайлоочу болору эсептелген. Бул үчүн кээ бир жерде бир нече район-шаарлар бир округга бириксе, айрым район же шаарлар бир нече округга чачырап кеткен учурлар да бар.
Аткаруу бийлиги депутаттарды каалагандай калчайбы?
Отуз округдан жалпысынан 460 талапкер катышты. Жалпыланган эсепти чыгарсак, парламенттеги бир орун үчүн бештен талапкер ат салышты.
Мыйзам боюнча ар бир округдан эң көп добуш алган үчтөн талапкер депутаттык мандат алат. Алардын кеминде бирөө аял талапкер болушу тийиш. Алган добушу көп болсо аял талапкерлер бирден көп орунду алып кетиши да мүмкүн. Ошондо Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын курамында кеминде 1/3 (үчтөн бири) аял депутаттар болмокчу.
Саясатчы Өмүрбек Суваналиев азыркы шартта депутат өз электораты менен өкмөттүн ортосунда чайналып каларын айтат. Ал мындай иштөө ыкмасы аткаруу бийлигине өзгөчө ыңгайлуу болот деп эсептейт.
“Бул жерге округдан баргандан кийин, деңгээли башка болуп калат. Сен округдун эле маселесин чечип каласың. А бирок, сен аны өзүң чече албайсың, аткаруу бийлиги менен иштешиш керек. Сен аларды дайым сындап же көзөмөлдөп турсаң, сен округдагы бир дагы маселеңди чечип бербейт. Анан, сен эки-үч жолу шайлоочуларыңа жолукканыңда алар айтат “сен биздин арызды аткарбай атсаң, биз неге сени шайладык” деп. Уят да. Ошон үчүн намысы бар адамдын көбү кетип калат. А тымызын сатып алгандар “мен округга такыр барбайм, анткени силер менен капкачан эле эсептешип койгом” деп айтат. Округдардын бүгүнкү айырмасы эмнеде болуп атат? Негизи округдар кимге жакшы, ачыгын айтыш керек, округдар менен депутаттар бийликке жакшы. Анткени мыйзам чыгаруучу орган аткаруу бийлигин көзөмөлдөш керек. Булар көзөмөлдөй албайт. Бюджет менен финансынын көбүн көзөмөлдөбөйт”.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, катталган 460 талапкердин шайлоо фондуна жалпысынан 1 млрд 791 млн сом каражат чогулган. Анын 88% (1 млрд 581 млн сому) үгүт иштерине коротулган. Муну менен катар, катталган ар бир талапкерден алынуучу 300 миң сомдук күрөө каражаттан мамлекеттик казынага 147 млн сом жыйналган.
Шерине