Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Кытай Кыргызстанга 18 мамлекеттик стипендия бөлдү


Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Кытай 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 21-январда билдирди. 

Маалыматка караганда, Кытайдын  жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тилин такшалтып окуу боюнча сынак жарыяланды. Мамлекеттик 18 стипендия ушул багыттар боюнча берилет. 

Иш-аракет Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүргүзүлүп жатат.    

Программага катышууну каалаган жарандар ушул шилтемеде көрсөтүлгөн документтерди тапшырса болот.

Министрликтин билдирүүсүндө, стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Ал үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкчылыгы бар тараптардын өкүлдөрү кирген уюштуруу комиссиясы түзүлөрү айтылды.  (NT)

 

 

XS
SM
MD
LG