"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Алмазбек Асанбаев – Кыргызстан эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлгөн мекендештерибиздин бири. Ал 1992-жылы Түркияга окууга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө Анкарадагы ТRТ телеканалынын "Түркия үнү" радиосунун кыргыз кызматын башкарууда.
Ош базарындагы көчөлөрдүн боюнда соода кылган соодагерлер жергиликтүү акимиаттын жана милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болууда. Алардын айтымында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көп жылдан бери соода орундары үчүн негизсиз акча чогултуп келет. Акимиаттын өкүлдөрү мындай айыптоолорду четк
11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.
Нарында бир айылдын көчөсүн тургундар сахнага айландырышты. Жалал-Абаддагы абакта мөөнөтү бүтүп жаткандар кесипке үйрөнүп, психологдон жардам ала баштады. Бишкекте арабада отургандар үчүн атайын бий студиясы иштей баштады. Ушул жана башка баяндар “Данисте” телетоптомунун мазмунун түздү.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды.
“Азаттык” радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. "Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн, 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.
Оор тагдырына чөкпөй, алдына катар-катар максат койгон эрки күчтүү Эрлан. Кытайдагы камоолорго туш болгон жүздөгөн боордоштордун туугандары кыргыз бийлигине ачык кайрылышты.
“Данисте” телеберүүсүндө Улуу Жибек жолунун таасири алдында түптөлгөн байыркы шаарлардын бизге жеткен тарых-таржымалы тууралуу тасманы сунуш кылабыз. Анда соода кербендердин тоо, талаадан өткөн жолун бойлото туруктуу эли менен түптөлгөн шаарлардын изин иликтейбиз.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады.
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу кабыл алышты.
2018-жылы 22-июлда “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев капилеттен каза тапкан. 28 жашында өмүрү кыйылган чыгаан кесиптешибиздин элесин эскерип, анын акыркы видео баянын сунуш кылабыз.
“Менин жайлоодогу баатыр жеңем” - Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы. Эмне үчүн Кыргызстанда майыптыгы барлар жумуш таба алышпайт? Театрчыларды капа кылган интеллигенция менен элита. Эгизбаевдин китебине эмнелер кирди? "Данисте" телетоптомунун жаңы чыгарылышы.
17-ноябрь эл аралык студенттер күнү. Майрамга карата азыркы кыргызстандык студенттин жашоосу кандай, алар кантип акча табат, жогорку окуу жайлар берген билимге канааттанышабы, дегиле эмне жөнүндө кыялданышат деген суроолорго жооп издедик.
Адвокат Нурбек Токтакуновдун президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына байланыштуу жарыялаган баракчасы талкууга түштү. Анда аты аталган адамдардын айрымдары документтеги маалыматтарды ырастаса, экинчилери четке кагууда. “Азаттык” алардын айрымдарына микрофон узатты.
Суук түшкөндө кыштын камын көргөндөр жок эмес. Көмүрүн камдап, кийим-кечесин сатып алып, дөңгөлөгүн алмаштырып жаткан Бишкек шаарынын тургундарына "Азаттыктын" кабарчылары жолугуп келди.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы быйыл 12-жолу уюштурулууда. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.
Ысык-Атадагы айылды тумчуктурган уулуу жыт. Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин белгисиз. Майып адамдарга дем берген Гүлзана. Убагында муш кезешкен чек арачыларды достоштурган футбол таймашы.
Өзбекстанда наабайчыны сабаган милиция кызматкери иштен алынды. Тажикстанда бир нече жылдык тыныгуудан кийин өлкөдөгү жалгыз оппозициялык партиянын кезектеги съезди өттү. Дагестанда кулчулукта жүргөн адам куткарылды.
Өзгөндүн Мырза-Аке айылынын демилгелүү жаштары аялдамаларды жаңылап, колунда жоктор үчүн дүкөн ачышты. Жаңы конуштардын тургундары социалдык шарттарга жарыбаган жашоосу тууралуу тасмаларды тарта баштады.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин аны мүчөлүктөн чыгаруу чечимин легитимсиз деп атады. Анын айтымында, өзүн партиядан чыгаруу боюнча чечимди “бир ууч партиянын чыккынчылары” кабыл алды.
Дагы жүктөңүз