"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстандык программисттер дарыгерлер менен биргеликте уникалдуу бионикалык жасалма кол иштеп чыгышты. Өмүрүн музыкага арнаган ноокаттык жандуу музыка ышкыбоздору. Таш үстүнө чыгып "Манас" айткан таластык алты жаштагы Арсен. Жергеталдык кыргыздардын кыз узатуу салты.
Зулпукаров партиянын ичинде кимдер тирешип жатканын тактаган жок. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен жыйын өткөрүп жаткандарды кабыл алганы тууралуу сөз бар экенин кошумчалады.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоров мындай сунуш ал үчүн күтүүсүз болгонун айтууда.
Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде.
23-октябрда өкмөт үйүндө “ачык өкмөт” деп аталган инсталляция орнотулду. Сорос фондунун каржылоосу менен 194 000 сомго жасалган инсталляция өкмөттүн ачык иштөөгө болгон аракетин түшүндүрөт.
Картөшкөнүн баасы түшүп, нарындык дыйкандардын маңдай тери акталбай калды. Таластагы төө буурчакты тазалап, таңгактаган ири ишкананын эл аралык дымагы. Ошондой эле бул "Данисте" телетоптомунда Тянь-Шань тоо кыркаларында орун алган кыргыздын берметтей көлдөрү тууралуу тасманы көрө аласыз.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта калтырууну чечти. Ал УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.
Техника, машина курууну жакшы түшүнгөн жаштар элетте өкмөттөн колдоо күтүп жүрүшөт. Кажы-Сайдагы ачылган сүрөт музейи дүйнөнүн төрт тарабынан белгилүү сүрөтчүлөрдүн эки миңден ашуун эмгектерин топтоду. Сегиз неберени жалгыз тарбиялап, миграциядагы балдарына көмөк берген эненин таржымалы.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, сөз сүйлөдү.
Дүйнөдө кадыры, аты бар Сеул ооруканасында иштеген кыргыз келини. Жөө күлүк карыялар. Кайгы кабаттап баскан эне-бала тагдыры. Жер айдап жүрүп короосунан бомба таап алган баткендик дыйкандар. Комузду дуэтке салган шакирттер. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунун мазмунун түздү.
Француз жазуучусу Альбер Камю "Күз - жаратылыштын экинчи жазы, анда ар бир жалбырак гүлгө айланат" деген экен. Табияттын бул өзгөчө сулуу айын ырга салбаган акын жоктур. Бул темага кыргыз акындары да көп кайрылган экен. Алардын айрымдарын топтоп, "Азаттыктын" кабарчысы Ала-Арчага барып тарткан сүрөттөр менен кошо сунуштоону чечтик. Туристтер сүйгөн капчыгай азыр түркүн түстүү күрмө жамынып, кандай ыр, кандай мактоо жаадырсаң да жарашып, келберсип турган кези.
Кыйынчылыктарга карабай бакытка бөлөнгөн үй-бүлө. Элеттен алдыга чыккан спортчу балдар. Бир айда кыргыз жергесин кагазга түшүргөн швейцариялык кыл калемчи жубайлар. Президент Уланбек Эгизбаевге "Эрдик" медалын тапшырды.
Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Ал жолдошу менен эки жыл мурун баш кошуп, жакында кыздуу болушту. Гүлмайрамдын боюна бүтүп, баласын аман-эсен төрөгөнү уникалдуу учур. Өтүкчү болуп иштеген жолдошу да экинчи топтогу майып.
"Үй-бүлөнү пландаштыруу - адам укугу " деп аталган иш-чара БУУнун Калк жаатындагы фонду тарабынан уюштурулду. Флешмобдо үй-бүлөнү кантип туура пландаштыруу, каалоосуз бойго бүтүүдөн сактануу ж.б. ушул сыяктуу викториналык суроолор берилип, туура жооп бергендер белек алды.
Чаң-топуракта сабак окуган токтогулдук наристелер. 23 жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн аял жакындары менен жолукту. Баткендеги күрүч түшүмүнүн түмөн түйшүгү. Дүйнө таймашына жөнөп жаткан шал оорулуу Канат Абдыжапаровдун кайраты көпчүлүк жаштарды таң калтырды. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунда.
Нарындагы Аксай жайлоосу. Ал жерде жашаган чабандар, алардын балдары жана жайлоонун кооздугу "Азаттыктын" сүрөт баянында.
Кыргызстан социал-демократтар фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп тапты.
17 жаштагы Канат Абдыжапаров церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн. Ага карабастан азыр кол күрөшү менен машыгып, дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Андан тышкары Канат келечекте программисттин кесибине аркалап, Интернет желесин башкарган мыкты адис болом деген тилеги бар.
Өздөрүнө жумуш ордун түзүп, жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштаган баткендик ардагерлер. Сүттү үй шартында кайра иштетүүнү үйрөнүшкөн нарындык кыз-келиндер. Ушул жана башка баяндар "Данисте" берүүсүнө кирди.
Кыргыз шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү ырчылар Ош шаарындагы обончу Бахром Азимовго таандык ырларды аткарып жүрүшөт. Өзбек тектүү обончу жараткан кыргызча чыгармалардын көбү жаштар арасында популярдуу. Тубаса музыкант коңшу Казакстан, Өзбекстандын ырчылары менен да иштешип турат.
Дагы жүктөңүз