"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Референдумдун жүрүшүнө жергиликтүү бейөкмөт жана коомдук уюмдардан, партиялардан 5 миңден ашуун байкоочу көз салып турду. “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Ош шаарында референдумдун жүрүшү жана андан кийинки абал туурасында маек курду.
Оштогу шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлгаакы Мамасалиева “Түшкү Азаттыкка” курган маегинде референдум боюнча саат 1ге карата маалыматтары менен бөлүштү.
Бүгүн Кара-Суу районунун Нариман жана Молотов айылдарында өкмөттүк аскерлер тарабынан атайын операциялар жүргүзүлдү. Бул туурасында аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев “Азаттыктын” түшкү түз обосунда кеп салып берди.
Кыргызстанда 27-июнга референдум белгиленген. Ал өтпөй калышы мүмкүн деген божомолдор көп айтылууда. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев жооп берди.
Түштүктөгү кырдаал, укук коргоочулардын аракеттери тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маек курду.
Убактылуу өкмөттүн өлкөдө мобилизация жарыялоо жөнүндө декрети бүгүн күчүнө кирди. Ага ылайык, бүгүндөн баштап Кыргызстандын аскерге жарамдуу атуулдарына чакыруу кагаздары жөнөтүлө баштады.
Өлкөдөгү экономикалык кырдаал, доллардын наркынын өсүп жатышы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жооп берди.
Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев баш болгон кыргыз делегациясы 30-майда Италияга барышып, Венеция комиссиясын жаңы Баш мыйзам менен тааныштырып, өлкөдөгү саясий абал, Конституциялык реформа тууралуу маалымат беришип, бүгүн таңга маал Бишкекке кайтып келишти. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев жооп берди.
Референдумду өткөрүүгө жыйырма күн гана убакыт калды. Учурда Кыргызстанда 56 аймактык шайлоо комиссиясы куралып, 5-июндан тарта участкалык шайлоо түйүндөрүн түзүү аракети башталды. Бул арада референдумду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү Конституциялык кеңешменин алдында түзүлгөн эксперттик жумушчу топ элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алек болууда.
Апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин баштады. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна аталган комиссиянын мүчөсү, саясат талдоочу Табылды Акеров жооп берди.
Учурда бардык аймактарда участкалык шайлоо түйүндөрүн түзүү, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. Эл аралык байкоочулардын алгачкы тобу өлкөнү кыдырып, даярдык иштерине көз салууда.
Актриса, ырчы Асема “Азаттыктын” жана угармандардын суроолоруна жооп берип, жеке турмушу, чыгармачыл жолу, алдыдагы максаттары тууралуу кеп салып берди.
Талаа иштери, дыйкандардын абалы тууралуу Айыл суу чарба жана кайра иштетүү министрлигин дыйканчылыкты өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев “Азаттыкка” маек курду.
Бишкек шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жерге муктаж адамдардын талаптары кандай чечилээри боюнча кеп салат.
Ала-Бука районундагы кыргыз жана өзбек калкынын ортосунда чыккан чыр-чатактардын чоо жайын аталган райондун кеңешинин төрагасы Абдубакы Мадраимов "Азаттыкка" учкай баяндап берди.
Бүгүн Жалал-Абад облусунда аза күтүү күнү. 14-майда контрреволюциялык күчтөр уюштурган тополоңдо эки адам окко учуп каза болуп, алтымыштай адам ар кандай жаракаттарды алган. “Азаттыктын” суроолоруна Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов жооп берди.
Сузак районунун Сары-Булак айылында 14-майда Жалал-Абаттагы тополоңдо ок тийип каза болгон Б. Курамаевдин сөөгү жерге берилди. Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун айтымында, аталган жигиттин үй-бүлөсүнө мамлекеттен бир миллион сом материалдык жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алыныптыр.
Конституциялык кеңешменин ишини жүрүшүндөгү соңку жаңылыктар жана жагдайлар жөнүндө "Азаттыкка" Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев маек курду.
“Эл арманы” партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Мирослав Ниязов азыркыдай шартта Конституцияны шашылыш жол менен кабыл алуу туура эмес, бизге азыр күчтүү президенттик бийлик керек деп эсептейт.
7-апрелдеги ыңкылаптан кийин кошуна өлкөлөр Кыргызстан менен болгон чек араларын бир тараптуу жапкан. Чек арадан өткөрүү бекеттери качан ачылаары дале белгисиз. Чек арадагы абал боюнча Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбековду кепке тарттык.
Дагы жүктөңүз