"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Исмаил Исаковдун тарапкерлери сот жараяны боло турган күнү 17-декабрда нааразылык акцияларын башташат. И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зекиров “Азаттыкка” берген маегинде алардын президентке жолдогон кайрылуусуна дагы эле эч кандай жооп боло электигин билдирди. Учурда алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө митинг өткөрүүгө уруксат сурап арыз жолдоп, анын жообун күтүүдө.
Ноокат окуясынан кийин кысымга кабылып, үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун бири - Салика айым Москвадан "Азаттыкка" үн катты.
Айрым шаар тургундарынын билдиришинче, чочко тумоодон сактануучу бет каптар бүгүн 8 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов айрым ишкерлер учурдагы абалдан пайдаланып, бет каптын баасын көтөрүп жибергендигин белгилеп, бирок жакында бет кап жетиштүү түрдө шаардын дарыканаларында сатыларын билдирди.
Темир жол башкармалыгынын сейил багында уюштурулган иш-чарада “Азаттык” үналгысын УТРК аркылуу уктуруу жана өлкөдөгү саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлду.
КАМАЗга урунган 5 жашар Шириндин колсуз калышына дарыгердин айыбы жок. Ал оор абалда жаткан кыздын жанын сактап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алууга мажбур болгон. Талас облустук хирургия бөлүмүнүн ишин текшерүүгө барган атайын комиссия ушундай жыйынтык чыгарды. Ал эми кызды майып кылып, пара берип кутулам деген айдоочунун үстүнөн кылмыш иши кайрадан козголду.
Баткенде чек араны бузуп кирип, атышкан куралдуу жоочулардын ким экендиги жана алар кандай максат менен келгендиктери аныктала элек. Чек ара күзөтчүлөрү менен болгон кагылышуудан кийин Кожокарым тоосун бет алып качкан 10 чакты киши учурда изделип жатат.
Жай айларында Үрүмчү шаарында болгон башаламандыктарга байланыштуу кыргызстандык “Иттипак” уйгурлар коому кырдаалды талкуулап, өздөрүнүн позицияларын билдиришкен. Бул окуяга айрым Кыргызстандын укук коргоочулары да баасын берген эле.
Жогорку компетенттүү, заманбап мугалимдерди даярдоо үчүн алардын жашоо шартын оңдоо зарыл. Буга билим берүү министрлиги гана эмес, мамлекет бүтүндөй кызыкдар болушу керектигин президент К. Бакиев мугалимдер күнүнө арналган майрамдык форумда билдирди.
Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу жөнүндөгү конвенциясын кабыл албай жатат. Анткени аны ишке ашырууга бир жылда 4 миллиард сом каражат керек
Кыргыз тилинде сүйлөгөн жаштар көчөгө чыкканда эле бири-бирине орусча кайрыла башташат. Алар кыргыз тилине толук өтүүгө азыр коом даяр эмес дешет
“ВООСТ” ишканасынын жетекчиси В. Хон биринчи вице-премьер-министр Ө. Бабановду нефтебазаны мыйзамсыз ээлеп алган шылуун деп күнөөлөп жатат.
Таласта 5 жашар кыз оор жүк ташуучу машинанын алдында тебеленип, эки колунан айрылды. Кыздын энеси айдоочунун күнөөсүн далилдей албай убара.
Жаштар аллеясында курулганы жаткан көп кабаттуу үйгө байланыштуу сот иши 23-сентябрга жылдырылды.
Мал чарбачылыгы боюнча адистер Кыргызстанды келечекте асыл тукум мал сатуучу борборго айлантуу максатын көздөөдө.
Кыргызстандагы жаштар уюмдары Норвегиялык укук коргоочу Ивар Далени Кыргызстанга киргизбөө чечимин жокко чыгарууну көздөөдө.
Серепчилер мамлекетти башкарууда олуттуу өзгөрүүлөр деле болбойт, андан бийликтин жүзү өзгөрүп кетээри күмөн деп эсептешет.
Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.
Ушу күндөрү кыргыз делегациясы Ташкентте өзбек тарап менен газдын баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Бишкекте качкын макамын сурап жүргөн өзбекстандык жаран Санжар Худайбергенов уулу Сарварбек Эркинзода менен 30-июлдан бери дайынсыз жок.
Бириккен элдик кыймыл шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, 29-июлдан тарта нааразылык акцияларын баштай тургандыгын жарыялады.
Дагы жүктөңүз