"Аскерге баргысы келгендер көбөйдү"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда армияда кызмат өтөгүсү келгендердин саны көбөйдү. Бул тууралуу Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Ал ошондой эле кыргыз армиясындагы жоокер өлүмү, кырсык, зордук-зомбулукка байланышкан чуулгандуу фактылар, өзүнүн аты аталган чырлуу окуялар тууралуу суроолорго жооп берди.