Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
"Таза аба үчүн айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек...". Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү кызуу талкууга түштү. Бишкектин тургундары суук башталганы борбор калааны кайрадан ыш каптап жатканына нааразы. Активисттер транспорт маселесин чечүү керек дешет.
Вашингтондо 26-ноябрда Ак үйгө жакын жерде ок атып, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки жоокерин жарадар кылган кишинин теги ооганстандык экени айтылды. Шектүү кол салган учурунда өзү да жарадар болуп, кийин кармалганы маалымдалды. ,
Запорожьеге жасалган Орусиянын жапырт дрон чабуулунан ондогон имараттар жабыркап, бир нече тургун жаракат алды. Майдандагы кырдаал оор болуп турган чакта тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу талкуу уланууда.
Жогорку Кеңешке шайлоого бир апта калганда бир катар саясатчылар жапырт кармалды. “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев, экс-депутаттар Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров баш болгон 10дон ашуун киши 17-январга чейин камалды.
Орусия каржылаган “Евразия” фонду Кыргызстандагы ишмердигин улам кеңейтип, эми жер-жерлерде орус тили жана маданияты борборлорун ачып жатат. Бул борбор 23-ноябрда расмий ачылары кабарланганы менен Бишкекте сентябрдан тарта иштеп баштаган.
Алайда окуучу баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам унаа жолунда атайын рейд өттү. Өткөндө бул жолдо эки күндө он чакты адам набыт болгондо жол коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кеткен. Жергиликтүү тургундар оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабын айтууда.
Ош облусунун Алай районунда окуучу баланын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам автоунаа жолунда атайын рейд өттү. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айдоочуларды эрежелерди сактап, этият болууга чакырууда.
20-ноябрда Киевде украин лидери Владимир Зеленский Пентагондун жогорку деңгээлдеги жетекчилиги менен жолугат. Мунун алдында медиа каражаттарында Вашингтон сунуштаган тынчтык пландын айрым жагдайлары жарыяланып кетти.
Орус тили жана маданияты боюнча Евразия борбору 23-ноябрда расмий ачылары кабарланды. Бул мекеме Кыргызстандын аймактарында да ачылып, орус тилин окутуу, киноклуб, блогерлик, театралдык студия сыяктуу багыттарда иш алып барат. Борбордун Бишкектеги кеңсеси сентябрдан бери иштеп жатат.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында ур-токмоктон бир адам каза тапты. Кылмышка шек саналып кармалган төрт кишинин экөө милиция кызматкерлери экени маалым болду.
Дагы жүктөңүз