Бала туруп балалуу болуунун себеби эмнеде? Адистер эртелеп эне болуу аялдардын ден соолугу менен улуттун генофондуна терс таасирин тийгизет деп коңгуроо кагат.
Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейин төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турат.
Бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык, эрте турмуш кургандар көбүнчө айыл жергесинде көп кездешет. Эрте балалуу болуу эненин саламаттыгы менен кошо наристенин да ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мындай балдарга жетиштүү тарбия берилбей, психологиясы жабыркайт. Көпчүлүк учурда мындай энелер балдарына таштап кетишет.
Психологдор мындай көйгөйгө көбүнесе ата-энесинин, жакындарынын мээриминен өксүгөн өспүрүмдөр туш болоорун айтышат.
Кылмыш кодексине ылайык, жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка барган адам мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Бирок жоопко тартылбай калгандар басымдуулук кылат.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.