Франкфурт: топ тээп, чер жазган мекендештер
19-мартта Франкфурт-на-Майне шаарында Нооруз майрамын утурлай Европада жашаган мекендештер футболдук мелдешке жана салтанаттуу кечеге чогулду. Көчмө кубок үчүн турнирге Германиядан, Чехиядан, Польшадан, Литвадан, Даниядан 20 команда катышты. Футболдон тышкары айымдар волейбол ойноп, жигиттер аркан тартышты. Иш-чарага жаңы кызматка киришкен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышып, чогулгандарды куттуктады. Кечинде мекендештер дасторкон үстүндө концерт көрүп, чер жазышты.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 28, 2025Чет жердеги кыргыз жарандары кантип добуш берет?
-
Сентябрь 12, 2025"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?
-
Август 20, 2025Пакистан: Ооган казактары Астанадан жардам сурады
-
Август 11, 2025АКШдан чыгарылган 25 жаран Бишкекке учуп келди
-
Июль 25, 2025"Айлампага түшүп калдым". Москвадагы мигранттын түйшүгү
-
Июль 10, 2025"АКШга келип, кайра кетпей койгондор көп болду"