- Милициялар барып кармайбыз дегенде, милицияларды жана өзүн да жардырышка аракет кылган убакта кармалган. Милициялар менен КГБнын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салган.
Абдумажитов өзүнө коюлган айыптардын жарымын четке каккан, ИДУга жана 2006-жыл 10-майда шеит кеткен милиционердин өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирген. Коопсуздук жана тартип сакчылары менен ИДУнун мүчөлөрү деп шектелгендердин ортосунда ок атышуу болгондо автомат кармабаганын, кое турган жер жоктугунан гранатаны кармап жүрүүгө аргасыз болгондугун маалымдаган. Сотто “Куралдуу кишилерден корккондугунан аларды ээрчүүгө аргасыз болгом” деген:
- Алар мага өздөрүн тааныштырган эмес. Кузнечная көчөсүндөгү аялым менен бирге турган 25-номерлүү батирге алып келгем. Алар келгенде курал-жарагын көргөн эмесмин. Мончодо даарат алып жатсам, эшик такылдады. “Кимсиз? деп сурасам, эшикти ачып коюңуз дешти. Аңгыча ичкериден тапанчалуу киши чыга калды да, “Ачпа, быякка өт” деп башы менен ишаара кылды. Мен ”Лейтенант” деген ысымы бар ал кишиден коркот элем. Кийинип атканымда ок атуу башталды. Мага ишаара кылганда биз менен жүр дегенде чоочуганымдан алар менен кете бергем - деди Жамалдин Абдумажитов.
Өткөн апта соңунда ал айыптуу деп табылып, күчөтүлгөн тартипте 17 жылга түрмөгө кесилди. Куралдуу адамдаррды жашырган дегендердин бири, Абдумажитов дарылап жүрүп үйлөнгөн жалалабаттык аялы Рукия Ибрагимова менен сузактык Кунаков жана Юсупжанов үч жылдан шарттуу жаза алышты. Өзбекстандык Эркин Холиков төрт жылга абакка кесилди. Рукия Ибрагимованын жактоочусу адвокат Азиз Мурасатовдун айтымында Абдумажитов менен кошо болгон куралдуу кишилер мамлекеттик түзүлүштү жок кылып, Ислам халифатын орнотууну максат кылышкан:
- Халиков Эркин башка мамлекеттин аймагына уруксатсыз кирген. Жамалдин Абдымажитовдун жанында такай курал-жарактарын алып жүргөн, издөөдө жүргөн, анан “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү болуп туруп халифат курабыз, мамлекеттик системаны өзгөртөбүз деген чакырууларын дайыма угуп жанында жүргөн. 4 жылга кесилди. Мунун аялы, 2 баласы бар экен. Бул жагдай эске алынды.