"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
2018-жылы Жогорку Кеңештин дарегине сын көп айтылды. Айрым бир депутаттардын демилге-сунуштары кызуу талкуу жаратты. "Азаттык" буга байланыштуу депутаттардын өздөрүнүн пикирине кызыкты.
Судья Элвира Жаркеева эки жыл мурун чыгарган чечимине байланыштуу камакка алынды.
Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндө текшерүү тоскоолдукка учураган учурлар көбөйдү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) абактагы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун президент Сооронбай Жээнбеков менен аппараты тууралуу дооматтарын четке какты.
Финчалгын банктардан бардык кардарлардын эсептери тууралуу маалымат берүүнү талап кылууда.
Сот ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.
Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министри Жамшитбек Калиловду иштен убактылуу четтетүүнү талап кылды. Бишкекте 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик кызмат көрсөткөн бир катар министрлик-мекемелердин жетекчилерин сынга алды. Жыйында өлкөнү санариптик өнүктүрүү, жарандарга кыз
Президент бир катар министрликтер менен мекемелердин жетекчилерин сынга алды.
Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.
Википедиядагы ага-ини Матраимовдор тууралуу чуулгандуу материал жарыялангандан көп өтпөй эле өчүрүлдү.
"Республика - Ата Журт" Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишине саясий баа берилиши керек деп эсептейт.
Мурдагы президент өзүнүн эң чоң катасы деп Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенин эсептейт.
УКМК Дүйшөнбек Зилалиевди "мамлекеттик жогорку кызматтарда турганда мыйзамсыз байыган" деп айыптап жатат.
УКМК экс-президенттин мүлкү менен бизнесине байланыштуу жагдайларды териштирип жатат.
УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирип жатат. Ушул тушта экс-президенттин мүлкүн, байлыгын текшерүүнү талап кылгандардын катары калыңдай баштады. “Азаттык” Атамбаевдин миллиондорунун таржымалын иликтеди.
Социалдык тармактарда бул окуя депутаттардын этикасы тууралуу талкууну козгоду.
Башкы прокуратура анын кызматка дайындалышы тууралуу соңку маалыматтарды четке кагып жатат.
Кыргызстанда армияда кызмат өтөгүсү келгендердин саны көбөйдү. Бул тууралуу Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев чоң саясатта кала турганын билдирди.
Дагы жүктөңүз