"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
АКШда Демократиялык партиядан президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин кезектеги дебаты өттү. Ага Нью-Йорктун экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг биринчи жолу катышты.
Буга чейин карантинде турган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны да ооруп калганы тууралуу маалымат чыккан.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (10-16-февраль).
Иранда парламенттик шайлоону утурлай бир жумалык үгүт өнөктүгү башталды. Анда 290 мандат үчүн жети миңден ашуун талапкер ат салышканы жатат.
«Associated Press» маалымат агенттиги АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын жеке адвокаты Руди Жулианинин ишкер өнөктөштөрү Лев Парнас жана Игорь Фруман болуп Украинаны талкуулаганы тымызын тартылган видео жарыялады.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (6-12-январь, 2020-жыл).
АКШнын президенти Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын айтты.
2019-жылы дүйнөнүн төрт континентинде ири элдик толкундоолор болду. Бир жыл ичинде бир нече мамлекеттеги шайлоолордо саясий тажрыйбасы жок лидерлер суурулуп чыгышты. Дүйнөдө каршылык маанай күчөдүбү? Эски саясатчылар элдин ишенимин актай албай калдыбы? “Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
Тажикстанда «Тахти Кубод» райондук гезитинин акыркы санынын биринчи бети актай чыкты.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (9-15-декабрь).
«Naviny.by» сайты Минск шаарындагы ири курулушка Курманбек Бакиевдин тун небересинин тиешеси болушу мүмкүн экенин жазды.
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бул чыгарылышында биз коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин, мыйзамсыз иштер менен кимдер, кантип шугулданганын иликтедик.
Пакистанда сот 4-ноябрда экс-премьер-министр Наваз Шарифтин кызы, оппозициялык "Пакистан мусулман лигасы" партиясынын лидерлеринин бири Мариям Навазды күрөөгө бошотту.
Тажикстандын Өзбекстан менен жакын аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салуу болду. Анда бир тажик чек арачы менен бир милиция кызматкери ажал тапты.
Узаган аптанын урунттуу окуялары (28-октябрь - 3-ноябрь, 2019-жыл).
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 31-октябрда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында бул аптада Конгресске Ак үйдөгү жогорку даражалуу азыркы жана мурдагы айрым аткаминерлер чакыртылды.
Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Ооганстанга тынчтык орнотуучу келишим кабыл алынышын каалайт.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (14-20-октябрь).
АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркияны Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун токтотууга көндүрүү үчүн Анкарага келди.
Дагы жүктөңүз