"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Эрмек Муканбетов туристтерге Нарын шаарын кол эмгеги аркылуу тааныткысы келет. Учурда анын колунан жаралган сувенирлер чакан дүкөндө сатылып жатат. Келечекте ал устаканасын чоңойтуп, өзгөчө боз үй жасоо кыялы менен жүрөт.
Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун 2023-жылга чейин карабай турууну сунуштап жатышат.
Жаңы программа Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарда жашагандар үчүн иштейт.
Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров эл аралык коомчулукка ачык кайрылуу жолдоду. Ал №19 абактын жетекчисинин аракеттерине нааразылыгын билдирип, өзүнүн жана камакта жаткан башкалардын укуктары бузулуп жатканын айтты.
Кыргыз коомунда атеисттерди, марксчыларды, коммунисттерди да соттоо керекпи деген пикирлер айтыла баштады.
Кыргызстанда оорулуунун жанына арачы болгон анестезиологдор тартыш. Эреже боюнча бир анестезиолог алты бейтапты гана кароого милдеттүү болгону менен, иш жүзүндө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бардык оорукчандарды дарылоого мажбур.
Айылдагы жаштар менен шаардагы студенттердин башын бириктирген “Агартуу саякаты” ишин Жумгал районунун Миң-Куш айылынан баштады. Долбоордун эрежеси боюнча, окууда жана билим берүү тармагында ийгиликке жетишкен жаштар айылга барып, ал жердеги окуучулар менен ой бөлүшөт.
Экологдор Кыргызстанга сырттан ташылган күйүчү майдын сапатына кабатыр.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурууда. Иш чарада Америка жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниядар кыргызстандык ишкерлерге өз өндурүмдөрүн тарту
Кышта үшүбөй чыгуу үчүн Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр жагат. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Азыр анын жарымына жетпегени гана даяр болду. Калганын өкмөт жазга чейин казып бүтүрүүнү мерчемдеп жатат.
Мурдагы спикерлер шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштарды беришти.
"Нарын суу канал" ишканасынын жумушчусу иш учурунда топурак басып калып каза тапты. Анын жанындагы дагы бир жумушчу жеңил жараат алып, ооруканага түштү.
3-октябрда Бишкекте мектептен чыгып үйүнө бараткан 5-класстын окуучусу автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип каза болду.
Чиедей алты баласы менен жаңы үйгө көчүп кирген Динара Жумабекованын кубанычында чек жок. Ага үйдү кайрымдуу адамдар сатып беришти. Бели каталек кыздарын ээрчитип алып, талаада, бирөөгө жалданып иштеп, күнумдүк тиричилигин өткөргөн Динара Турдубекова тууралуу Азаттык радиосу сентябрь айынын башында
Кочкор районунун тургуну Болот Асанбеков Бугучу айылындагы суу жетпеген он беш гектар кайрак жерге өрүк менен кайналынын көчөтүн тиккен. Багбандын кыялы какыраган талааны гүлдөгөн бакчага айлантуу. Гектарлаган аянттагы өрүкзарды ишкер жайы менен сырттан суу ташып келип сугарды.
Кочкор районунун Исакеев айылында жүндү кайра иштетүүчү чакан цех ачылды. Учурда бул ишканада онго жакын киши иштеп жатат. Алар акырындык менен продукциясын сатыкка чыгарып, ишкананы кеңейтүү максатын көздөшөт.
Ушул тапта картөшкөнүн бир килограммы Кочкордо 6-8 сомдон бааланууда. Дыйкандар “кымбат сатып каларбыз” деген үмүт менен жыйган түшүмүн кармап турушат. Ошол эле учурда райондун айрым айылдарын кыдырып, картөшкө алгандардын карааны көрүнө элек.
Нарын шаарынын тургуну Эркин Күнтубаева үйүнүн түбүндө орун алган электр трансформаторду алдыра албай соттон сотко кайрылып жүрөт. Трансформатор анын короосунун ичинде жайгашкан.
Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылынын тургундары быйыл жетиштүү тоют жыйнай албай калды. Эгиндин түшүмү да анчейин эмес. Буга айылдагы 40 миң куб суу бата турган суу сактагыч буулуп, жалпы 300 гектарга чукул жер сугарылбай калганы себеп. Айылдыктар аны Кара-Кечеден агып келген көмүрдүн калдыктар
Дагы жүктөңүз