"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Кенжебек Качкынбаев Ат-Башы районундагы асыл тукум чарбасы бар фермерлердин бири. Ал быйыл 4 миллион сомго эт багытындагы уйларды сатып алган. Эгер анын планы ишке ашса, жарым жылдан кийин пайдасын көрө баштайт.
Нарындык ордочулардын бул жолку мелдешине жети команда катышкан. Алар Ат-Башы, Кочкор жана Нарын районунун ордочулары. Ар жылы уюштурулган бул таймаш алты айга созулат. Жыйынтыгы жаз айында чыгат.
Кыргызстандык дарыгерлер беткап сыяктуу медициналык каражаттар тартыш экенин белгилешүүдө.
Бишкек шаардык соту бул боюнча райондук соттун өкүмдөрүнүн көбүн күчүндө калтырды.
Мындай учурдагы аракеттердин ыкчам планын өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иштеп чыгат.
Учурдагы кырдаал өлкөнүн финансы жана экономикалык абалын кыйын кезеңге кептеди.
Нарын районунун Алыш айылындагы демилгелүү аялдар өз алдынча тигүү цехин ачышты. Баштапкы чыгым үчүн алардын ар бири өз чөнтөгүнөн оң миң сомдон чыгарган. Бир ай мурун ишке кирген чакан цехтин кардарлары - азырынча алардын өз айылдаштары.
Нарын облусунда быйыл жылдагыдан мал кымбат. Маселен, бодо мал былтыркы жылга салыштырмалуу 10 миң сомго, ал эми майда жандыктар 5 миң сомго чейин кымбаттаган.
16-марттан баштап Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынды.
3-мартта Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары нааразылык акциясына чыгышты. Алар соода борборундагы орундардын аукцион аркылуу берилишине каршы болууда. Ал эми "Мүлк" мамлекеттик ишканасы орундар ижара акысын көбүрөөк төлөгөндөргө берилерин айтып жатат.
Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы 70 наристе барган бала бакча кулаганы калган имаратта жайгашкан. Жаңысы качан курулары белгисиз. Кооптуу жайда балдарды караган тарбиячылардын жумушу оңой эмес. Анан калса сууну да алыстан ташып келишет.
Жол эрежелерин тескеген «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенине бир жыл болду. Ички иштер министрлиги бул аралыкта жол кырсыгы азайганын айтып жатканы менен, жалпы статистика көңүл жылыта элек.
Кой-Таш окуясы Бишкек ЖЭБдеги коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу ири сот иштеринин бири катары каралууда.
Бишкекте федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү.
Бишкекте 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кинелерди коюшту.
Аламүдүн районунун Озерное айылынын тургуну Абдували Якуповдун алты жаштагы баласын 2018-жылы оор жүк ташуучу автоунаа тебелеп кеткен. Ал окуянын себепкерлери арадан бир жарым жыл өтсө да жоопко тартылбаганына нааразы.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» ишканасы - түрмөдөн бошоп чыккан аялдарды кайра кадимки турмушка үйрөткөн жай. Аялдар бул жерде жумуш менен гана камсыз болбостон, аларды жаркын жашоо, кең келечек күтүп турганы, ал нерселерге талыкпаган аракет, сабыр менен жетсе болору тууралуу
Ага байланышкан соттук териштирүү Жогорку сотко чейин жетти.
Нарын шаарындагы тоо лыжа боюнча спорт мектебинин түптөлгөнүнө жыйырма жылдан ашып калды. Лыжа тебүүгө кызыгып, такай машыккандардын саны алтымышка чамалайт. Алардын бири Элайым Дүйшөбаева жети жылдан бери машыгып келе жатат. Лыжа тепкенге ылайыгы жок кууш жана тик жерде машыккан Элайым жакында эл а
17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү.
Дагы жүктөңүз