"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бүгүн 25-февралда «Кыргызстан Санта-Клаустун жергеси» аттуу эл аралык фестиваль жыйынтыкталды. Иш чаранын меймандарын өкмөт башчы Игорь Чудинов кабыл алып, Кыргызстанда Аяз Атанын резиденциясы курулуп, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Өткөн ишембиде башталган бул фестивалга 10дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда өткөн мекен сакчыларынын майрамына арналган салтанаттуу жыйында өкмөт башчы Игорь Чудинов Куралдуу Күчтөрдүн офицерлерин, жоокерлерин куттуктап сөз сүйлөдү. Беш жылдан бери 23-февраль Мекен коргоочулардын күнү катары белгиленип келатат.
Быйыл кеңеш доорундагы жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 19 жыл толду. Буга байланыштуу Бишкектеги «Ататүрк» сейил багында ооганчы-жоокерлердин эстелигинин алдында эскерүү-реквием болду.
2-февралда Жетиөгүз районунун “Кырташ” аймагынан токой чарба кызматкерлери тарабынан 43 аркарды атып, этин жүктөп келаткан кайберен бүлгүнчүлөр кармалып, иши тергөөгө берилген. Кызыл китепке киргизилген аркарларды атуу менен бүлгүнчүлөр өлкөгө 377 миң 540 сом зыян кылышкан. Учурда кайберендер төлдөө маалына жакын калганда болгон окуяны күч органдары иликтеп жатышат.
Генерал-майор Молдомуса Конгантиев министр болуп келгени ички иштер тармагынын кемчиликтерин белгилеп, бир топ жетекчилерди кызматтан алды. Айрым бир милиция кызматкерлери өздөрү кылмышка аралашып жатканын кечээ өткөргөн маалымат жыйынында министр моюнга алды. Ошол эле маалда милиция тармагын реформалоого жаңы жетекчинин эрки жана билими жетишпейт деген пикирлер да айтылууда.
Мындан эки жыл мурда узакка созулган катуу оорудан кийин 70 жаш курагында Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов дүйнөдөн кайткан. Учурунда Салижан агай “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бөлүмүн да жетектеген.
Шайба менен ойнолчу хоккейдин мекени Голландия болсо, дүйнөгө тааныткан өлкө Канада болду. Ал эми топ менен хоккей ойноо 19-кылымдын ортосунда Улуу Британияда пайда болгон. Жакында эле Кыргызстанда улуттук хоккей федерациясы уюшулуп, Адилет министрлигинен катталып, дүйнөлүк хоккей федерациясына мүчөлүккө кабыл алуусу үчүн документтерди жөнөттү. Ошондой эле 8 жылдан бери Чаек айылында хоккей боюнча мелдеш өткөрүү салтка айланып калды. Жекшембиде Чолпонатада Эл аралык хоккей федерациясынын уюшулганынын 100 жылдыгына карата мелдеш болду.
Түштүк Кореялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция берүүгө, биргелешип иштөөгө кызыкдар. Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кореялык ишкерлер былтыр 400 автобус алып келмек болушкан. Бирок кореялык ишкерлерге бут тоскондор, коркутуп-үркүткөндөр болууда. Ошого карабай Бишкекте алгачкы кореялык 20 автобус калкы кызматын аркалай баштады. Ошондой эле кореялыктардын инвестициялык долбоорлору арбын. Айрым байкоочулар жергиликтүү ишкерлерге караганда чет өлкөлүк бизнесчилерге мамлекет көп көңүл буруп, аларга жакшы шарт түзулгөнүн айтып жүрүшөт.
Бангкокто бокс боюнча Тайланд королунун Кубогуна арналган мелдеште кыргызстандык үч спорт чебери коло байге алганы менен Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты. Бангкокко барган кыргызстандык тогуз боксчунун биринин да олимпиадага жолу болбоду. Былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы кыргызстандыктар ийгиликке жеткен эмес. Эми акыркы үмүт 16-мартта Астанада өтө турган Казакстандын президентинин кубогуна арналган турнир калды.
Айрым иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда элдин колунда совет доорунан калган көп курал бар. Айрым маалыматтарга караганда, кийинки 10 жылда элдин колунда мыйзамсыз жүргөн 5 миңден ашуун курал тартылып алынган. Бирок, өлкөдө канча адамда, канча курал-жарак бар экенин эч ким так билбейт. "Курал саткан дүкөндөрдө алардын наркы канча турат? Карапайым калктын курал сатып алууга чама-чаркы жетеби жана эл курал-жаракты этияттык менен колдонушабы?" деген суроолор учурда дагы күн тартибинде.
30-январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында Эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жаңы Уставы толуктоолор менен кабыл алды. Ошондой эле уюмдун жетекчиси Мурат Саралинов эки жылдык ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Жыйында быйыл жайында Бээжинде өтө турган олимпиадалык оюндарга даярдыктар талкууга алынып, уюмдун жаңы мүчөлөрү да шайланды.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча өткөн өлкө чемпионатында алыш, лейлек, фергана, грек- рим, кыргыз күрөштөрүнүн балбандары күч сынашты. Бул бел кур күрөшү кийинки учурда эле таасири артып, эл аралык деңгээлге көтөрүлдү.
24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылы өлкөдө 209 чукул кырдаал түзүлүп, табият кырсыктарынан 93 адам каза болуп, 813 млн сомдук материалдык чыгым алып келген. Министрликтин кызматкерлери учурда Ош облусунда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүүдө. Ошондой эле февраль айында министрликтин курамы Ош шаарына биротоло көчүп, жайгашмакчы. Жыйында өрт өчүрүүчү техникалык жабдуулар жетишсиздиги, өндүрүш техникалык коопсуздуктары сакталбаганы, мамлекеттик мүлк максатсыз пайдаланган жагдайлар тууралуу да сын пикирлер айтылды.
Жакында эле даңазалуу гроссмейстр, шахмат боюнча дүйнөнүн он биринчи чемпиону Роберт Фишер Исландия өлкөсүндө каза болду. Бобби Фишер таланты менен таанылса да далай азап-тозокту баштан кечирип, АКШ бийлиги тарабынан куугунтукталган. Ал шахмат дүйнөсүнө жаңылык киргизген. Кыргызстандык шахмат күйөрмандары да Бобби Фишерди эскерип, анын шахмат ойноо өзгөчөлүктөрү, башкаларга окшобогон стили тууралуу кеп кылып жүрүшөт.
22-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөшү боюнча 2008-жылдын чемпиондору аныкталды. Ошондой эле бүгүн жана эртең 23-24-январда самбо күрөшү боюнча эр азаматтар өлкө биринчилиги үчүн күч сынашып, мөрөй талашат.
19-январда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн быйылкы чемпиондору аныкталды. Ошондой 20-23-январда эркин күрөштөн жигиттер жана кыз- келиндер күч сынашып, жаңы жеңүүчүлөрү тандалат. Ал эми 23-24-январда самбо күрөшү боюнча да мыктылар иргелет.
Кыргыз жергесинде кыш өкүм сүрүп жаткан учур. Өлкөдө кышкы спортту өнүктүрүүгө жаратылыш жагдайы ылайыктуу болгону менен өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө. Бирок, жазма даректерде кыргыздар 6-9-кылымдарда эле лыжа тебишкендиги белгиленген.
Өткөн жылы декабрда Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде эл аралык сүрөтчүлөр, айкелчилер жана кол өнөрчүлөрдүн “Кошой-коргон-2007” деген көргөзмөсү ачылып, жайында сүрөтчүлөр тобу тарткан эмгектери адистердин көңүлүн бурган. Ошол “Кошой-коргон” көргөзмөсүнө коюлган чыгармаларды иргеп Нарын искусство галареясы түстүү китеп чыгарды.
Жаңы жылдын 2-январынан бери Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында мал санак жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөт буйругун чыгарып, мал каттоону уюштуруу иш чаралары көрүлгөнү менен жергиликтүү калк малынын санын так айтпай, жаап- жашырып, кыйынчылыктар жаратууда. Мал санактын максаты ар бир үйбүлөөнүн кирешесин аныктоо, балдарга төлөнө турган жөлөкпулду чектөө деген пикирлер айтылып, элет жериндегилер малынын санын так көрсөтпөй жатат.
Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 40-50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди адат кылып алышкан. Чиновниктер мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай машиналарды минип жүрүшкөнүнө карапайым калк нааразы. Ал эми 55 депутат ар бири 22 миң долларлык “Тойота-Камри” автоунаасын минип жүрүшөт. Азырынча ашыкча чыгымдардын жолун бөгөй турган айла табыла элек.
Дагы жүктөңүз