"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагына кошумча тартылган күчтөр чыгарылып бүттү. Учурда чек аралаш айылдардагы ички коопсуздукту аймактык милиция көзөмөлдөп жатат.
Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары бир көчөдөн басып, бир арыктан суу ичишет. Чек аралар чырмалышып калган бул айылдагы кошуналар чек арада чырдуу окуялар учурунда кантип күн кечирет?
Чек ара кызматы кошумча күчтөр чыгарылып бүтөөрү менен чек араны коргоо кадимки тарпке түшөөрүн билдирди. Бирок кыргыз-тажик чек арасы качан ачылаары белгисиз.
Премьер Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз-тажик чегине жакын курулуп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы иштин жүрүшүн көрүп, жол аягына чейин бүткөрүлөөрүн билдирди.
Баткендин Үч-Дөбө айылынын аймагына кирип келген тажик аскерлери чыгарылды. Алар бул жерде көзгө атар аскерлер үчүн аң казганы белгилүү болду.
Элден чек арачыларга жардам
Коргоо министрлиги Баткенде резервдеги аскер бөлүктөрүн чакырып, курал-жарак жана оор техникалар менен коштолгон машыгуу өткөрдү.
Баткендеги кыргыз-тажик чегинде 11-январда болгон атышуудан бери абал кыйла тынчып калды. Бирок жергиликтүү тургундар дале кооптонуу менен күн кечирип жатышат.
Баткендин Ак-Сай айылында 11-январь күнү болгон кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан бери абал тынч. Жаңжалдын чыгуусуна себепчи болгон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу уланып жатат.
Кыргыз-тажик чегиндеги ок атышуудан кийин абал негизинен турукташканы менен бул тегеректеги айылдарда дале кооптонуу бар.
Кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан соң Кыргызстан Тажикстанга эки нааразылык нотасын жиберди.
Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алды.
Баткен районунун Ак-Сай айылын райондун борбору менен байланыштырган жолду 500дөй тажик жарандары тосуп турат. Күч кызматтары абалды көзөлдөп турат. Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болду. Буга Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылууда.
Вице-премьер министр Токон Мамытов 21-ноябрга чейин Баткен облусундагы чек ара аймактарында болот. Мамытов иш сапары учурунда жыл башында жаңжал болгон Чарбак жана Мазейиттин жери айылдарында эл менен жолугууда. Чарбак айылында чек араны тосмолоо маселеси чек ара кызматына жүктөлдү.
Расмий маалымат боюнча Бишкекте мектеп жашына чейинки балдардын 25%, ал эми өлкө аймактарында 13% гана бала бакчага барат. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштөн улам келип чыккан көйгөйлөргө жана бала бакчалардагы абалга кызыкты.
Кадамжайда Ош-Баткен жолунун чек арадагы бөлүгүнө Өзбекстан көзөмөл бекетин орнотушуна нааразы болгондор жол тосушту.
Баткендик ишкерлер коопсуздук шылтоосу менен чек ара соодасына бут тосулуп жатканына нааразы.
Кыргызстан эки ай мурда Тажикстандан өткөрүп алган Баткендин аймагындагы мунай чыккан жердин макамын аныктай албай убара.
Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөнү белгисиз кишилер атып кетти. Окуя 5-сентябрь түнү болгон.
Дагы жүктөңүз