"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөрткөндөр жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, быйыл бир жыл ичинде ысымдарын алмаштыргандардын саны кырк миңге чамалады.
Кабарчыбыз Тажикстандын Сурх, Чорку айылдары менен чектешкен Баткен районунун тургундарынан алардын жеке коопсуздуктары тууралуу сураган.
Кадамжайдын Кара-Жантак аймагынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде кошуна мамлекеттин чек арачыларынын огунан бир кыргыз жараны жараат алды.
10-ноябрда Баткендеги Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунда өзбек чек арачыларынан ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор. Мындан тышкары коңшу өлкөнүн чек арачыларынын огунан беш өзбек жараны да жараат алган. Алардын арасында каза тапкандар да бар экени айтылууда. Бирок бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктай элек. Сүрөттөрдө ок атылган жол.
Жогорку Кеңеште Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбеков сунуштап, ЖКда жактырылган автожолдорду буугандарга жазаны катаалданткан мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. "Азаттыктын" кабарчылары бул мыйзам тууралуу пикирлерди укту.
Кыргыз-тажик чек арачыларынын мелдеши өттү
Баткенде кыргыз-тажик жаштарынын башын бириктирген форум өттү. Эки өлкөнүн жаштарынын чек аралаш аймактагы кызматташтыгын бекемдөө максатын көздөгөн форум эки күнгө созулду. Анын жыйынтыгында, достукту бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду каржылоо чечими кабыл алынды.
Баткен облусундагы 15тей айыл Өзбекстандан көз карандысыз электр линиялары менен камсыздалып бүттү.
Кадамжай районунда үлпөт тойго кеткен ашыкча чыгымды кыскартып, ысырапкорчулукту чектөө аракети жүрүүдө. Аялдар комитети, райондун аксакалдар жана жаштар кеңеши көтөргөн демилге менен алгачкы той өттү. Уюштуруучулар мындай той башкаларга да үлгү болот деп ишенишет.
Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган фестивал болуп өттү. Иш-чара ар улуттун өкүлдөрүнүн ыр-бийлери, тамак-аш көргөзмөсү, спорттук мелдештери менен коштолду. Айдаркен шаарчасында 10дон ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. (13.10.2014)
Баткен облусунда өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны өстү.
Баткенде быйыл 550 гектардан ашык жерге кара тамеки айдалган. Кара тамекиден жасалган насвай Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстанга чейин экспорттолот.
Облус борбору Баткен шаарынын чет жакаларында суткасына 12 сааттан электр энергиясына чектөө киргизилди. Бир жумадай убактан бери күндүзү алты, түнкүсүн алты сааттан электр кубатын берүү эч кандай эскертүүсүз эле токтотула баштаган.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматка киришкенден бери экинчи жолу Баткен облусунда иш-сапары менен болуп, чек аралаш аймактардагы иштердин жүрүшү менен таанышты.
Сүлүктү шаар аймагындагы Кольцо айылы 1918-жылы Кыргызстанда Октябрь революциясы башталган аймак катары белгилүү. Учурда тургундарынын жарымы көчүп кеткен айыл аянычтуу абалда.
Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топ Кыргызстан үчүн негизги тышкы коркунучтардын бири. Бул тууралуу "Азаттыкка" Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев билдирди.
Чырлуу жолдо курулуш жандуу жүрүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасын видео көзөмөлдөйт
Кыргыз-тажик чегинде талаш жаратып келген Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Исфара-Ворух жолунун курулушу ишке кирди.
Дагы жүктөңүз