"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммити өтүп жатат. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө Кытай, Индия, Орусия, Пакистан, Ооганстан жана Борбор Азиянын өлкөлөрү баштаган 12 мамлекеттин лидерлери Бишкекте чогулду. Анын жыйынтыгында коопсуздук маселелери боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкек декларациясын кабыл алуу менен аяктады.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйыны башталды. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында келди.
Бишкек шаардык соту мурдагы башкы прокурорду камакта калтырды.
Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы камакта калтырды. Буга чейин Салянованын адвокаттары экс-ген прокурордун Бишкектеги тергөө абагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле.
Ал ортодо Алматыда шайлоого нааразылык акциясына чыккандарды камоо уланды.
Казакстанда кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти. Экинчи келген оппозициячыл маанайдагы талапкер Амиржан Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын жарыялап, өлкөдөгү нааразылык акцияларын өткөрүүнү колдобой турганын айтып чыкты.
Казакстанда экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы жарыяланды.
Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адам, алардын ичинде журналисттер да кармалды.
Казакстандагы добуш берүүнүн жүрүшүнө ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да көз салууда. Момбеков «Азаттыкка» маек куруп, өз пикири менен бөлүштү.
Казакстанда өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо жүрүп жатат. Саат 7де өлкө боюнча добушканалар ачылып, учурда уланууда.
Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо.
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы Жаңы-Жер жана Орок айылындагы кырдаал, журналистке кызга кылган орой мамилеси, шайлоо системасы жана учурдагы иштери тууралуу "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө айтып берди.
Премьер-министр «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды териштирүүнү тапшырды.
Чүйдүн Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында массалык мушташ чыкты.
Шек жараткан миллиондор боюнча акыркы жагдай “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Программабызга Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Сейтек Чалбаев, экономикалык эксперт Руслан Акматбек, юрист Клара Сооронкулова талкуу жараткан иликтөөнү даярдаган “Азаттыкты
Район аралык сот паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда орус президенти Владимир Путинге кримтөбөл Азиз Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылганын Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова "Азаттыкка" маегинде билдирди
Дагы жүктөңүз