“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Бишкекте 1-октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата жармаңке өттү. Борбордогу Курманжан Датканын эстелигинин жанында өлкөнүн булуң-бурчундагы кары-картаңдардын коомдук топторунан келген ыктыярчылардын колунан жаралган буюмдар сатылды.
1-октябрда Кыргызстандын белгилүү хирургу Мамбет Мамакеев 89 жашка толду. Ошондой эле бул күнү өлкөдөгү хирургдардын күнү да белгиленүүдө. Ал жүздөгөн хирургдардын устаты катары белгилүү жана күн сайын бери дегенде алты операция жасайт.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-25-сентябрь).
Нью-Йорктогу мода жумалыгында 2017-жылдын жазгы коллекциясын көрсөтүүдө хижабдын түркүн түсү чыгып, тарыхта алгач ирет кийимдин бул стили дүйнөлүк мода айдыңына кирди. Ал арада Кыргызстанда хижаб кийген кыз-келиндер барган сайын көбөйүүдө.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-18-сентябрь)
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-11-сентябрь).
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-август, 4-сентябрь)
Кыргызстандын саясатында Ислам Каримов менен үзөңгүлөш жүргөндөрдүн жана анын сырын жакшы билгендердин сап башында экс-президент Роза Отунбаева турат. Ал Ислам Каримов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Акыркы мезгилде Кыргызстанда спорт залдардын саны арбып, дене тарбия көнүгүүлөрү жана профессоиналдык спортко кызыккандар барган сайын арбып барат. Бирок муну менен катар алардын азыктануусундагы кошумча каражаттардын көмүскө соодасы да арбыды.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.
Акыркы мезгилде кыргыз аялдары мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Айрымдар муну барчылык менен түшүндүрсө, уз-чеберлер бул көрүнүштү жалкоолуктан дешет.
Кыргызстан өзүнүн эгемендик жылдары алты олимпиага катышып, эки коло, бир күмүш медалга ээ болгону белгилүү. Акыркы Рио олимпиадасында уткан коло медалын болсо допинг колдонгон деген негиз менен кыргыз спортчусу Иззат Артыков кайра алдырып койду. Айрым массалык маалымат каражаттары кыргызстандык спо
Айрым массалык маалымат каражаттары Риодогу Олимп оюндарында коло медалынан допинг колдонду деп айрылып калган кыргызстандык спортчу Иззат Артыков насыбай чеккени тууралуу жазып чыгышты.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-август).
"Дүйнөдөгү эң оор жумуш – бул эне болуу. Эгерде аны маяна менен бааласа, анда энелердин баары миллионер болмок" дейт The Telegraph гезитинин талдоочусу Оливия Голдхил.
Женевада жашап жүргөн мекендешибиз Илона Султанова Кыргызстанга келип, Ош шаарында өткөн "Мекендештер" форумуна катышты. Ал эл аралык уюмдар жана абройлуу банктагы ишин таштап, азыр кыргыз маданиятын Европага таанытуу менен алек.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-8-август).
Кыргызстанда күн сайын миңдеген операциялар жана төрөттөр болуп тургандыктан кан жана анын компоненттерине болгон талап күч. Ушундан улам “Сергек жашоо” берүүсү Республикалык кан борборуна барып, кан тапшыруунун жол-жоболорун иликтеп көрдү.
Дүйнөдө 400 миңдей чет элдик жыл сайын Түркияга шыпаа издеп келет. "Сергек жашоо“ түрмөгүнүн атайын чыгарылышында Түркиядагы медициналык туризм менен таанышып келген кыргызстандык дарыгерлер тууралуу сөз болот.
Дагы жүктөңүз