"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Нормандияда Батыш Европаны нацисттерден бошотууга салым кошкон операциянын 75 жылдыгы белгиленип жатат. 105 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысына илинди.
Орусиянын Калининград облустук бийлигинин чечими менен мечит бузулду.
4-июнда Киев соту беш жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген эки полициячыны 60 күнгө камакка алууну чечти. Переяслав-Хмельницкий шаарында болгон окуядан кийин Киев облусунун полиция башчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, аны жаңжал жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү суранды.
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттердин нааразылык акциясынын аёсуз, күч менен басылганына туура 30 жыл болду.
Кремль Санкт-Петербургдагы эл аралык форумга үй камагында отурган Майкл Калвинин катышуусун каалайт. Бул тууралуу 3-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Baring Vostok" инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Калви көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ишкер өзү күнөөсүн танууда.
АКШ президенти Дональд Трамптын Лондонго жасаган сапарын утурлай анын Британиянын кийинки премьер-министри ким болоору жана Брекзит тууралуу айткан сөздөрү британ коомунда сынга кабылды. Шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбай башпаанек ала албай үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кетти.
Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз эл аралык коомчулукту “Иран режиминин башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу үчүн” болгон чараларды колдонууга чакырды.
Европалык дипломаттар Сербия менен Косовонун ортосундагы чыр Балкандагы ансыз да оңой эмес кырдаалдын курчушуна алып келерин эскертишүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-майда согуш аракеттери жүрүп жаткан Донбасска барып кетти.
Европа парламентине шайлоонун баштапкы жыйынтыктары биримдиктеги тенденцияларды чагылдыргандай болду.
Украинада жаңы президент кызматка киришти. Саясий тажрыйбасы жок мурдагы куудул Зеленскийди кандай сыноолор күтүүдө? Кыргызстанда да системадан сырткаркы лидер бийликке келиши мүмкүнбү? Тажик түрмөсүндөгү тополоңдо 32 киши өлдү.
Украинада президент Владимир Зеленский парламентти таркатуу жана эрте шайлоону 21-июлда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду.
Украинада жаңы президент ант берип, ишке расмий киришти. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский инаугурациялык сөзүндө Донбасста орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан урушту токтотууга артыкчылык берилерин айтты.
Тайвандын парламенти бир жыныстагы түгөйлөрдүн баш кошуусуна уруксат берди. Кытай өз провинциясы деп эсептеген арал ошентип "гейлердин никесин мыйзамдаштырган" Азиядагы биринчи жер болуп калды.
Бээжин кайсы бир өлкөлөрдүн кытайлык компанияларга бир тараптуу түрдө санкция салуусуна каршы. Мындай билдирүүнү 16-майда Соода министрлиги жасады. Анын алдында АКШ Кытайдын "Huawei" компаниясын улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп "кара тизмеге" киргизген.
АКШнын Алабама штатында бойдон алдырууну дээрлик толугу менен тыйган мыйзам жактырылды. Губернатор документке кол койсо, мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирет.
Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргелашвили кызматтан кеткенден кийин үйүн туристтерге ижарага берип киреше табат.
Европа биримдиги Иран менен өзөктүк келишимди мурдагыдай эле колдоорун билдирди. Тажикстанда жол кырсыктарынан жугуштуу ооруларга караганда көп киши каза табат. Муфтият Түркиянын элчиси ооз ачардан нааразы болуп чыгып кеткенин бышыктады.
Бул туурасында өлкө президенти Хасан Роуханинин телекайрылуусунда айтылды.
Саясатчылардын, жетекчилердин жүрүм-турумуна, кыймыл-аракеттерине бардык өлкөдө коом жакындан байкоо салып турат эмеспи.
Дагы жүктөңүз