Өлүм жазасын киргизүү тууралуу президенттин сунушу Конституциялык сотко түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн билдирди.

"Мыйзам долбоордо Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган. Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда",-деп жазылган маалыматта.

Конституциялык сот өзүнүн бүтүмүн качан чыгарып, качан жарыяларын тактаган жок.

Сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлүм жазасын киргизүүнгө каршы экенин билдирген, балдарга жана аялдарга жасалган кылмыштарга байланыштуу маселени чечпей турганын айткан. Омбудсмен бул тууралуу өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушууда билдирген.

БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, аны менен кошо өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин белгилешкен.


Антье Граве Кыргызстан өлүм жазасын киргизсе эл аралык милдеттенмелеринен алыстай турганын айтып, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи факультативдик протоколдон чыгуу жолдору жок экенин билдирген. Ал бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасына кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышканын эскерткен.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Дагы караңыз

АКШ чабармандары Путинден кийин Зеленский менен жолугушары кабарландыКремлде Путин АКШнын атайын чабарманы Уиткофф менен беш сааттай сүйлөштү Өзбекстанда каракалпакстандык эки активистке өкүм чыктыШайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар иликтенип жатканын, чечим жакында кабыл алынарын билдирди Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды