20-ноябрдын аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-ноябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда -2…+3, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Кыргызстандык рэпер Bakr Орусиянын аймагына киргизбей коюшканын билдирдиЖогорку сот талапкерлердин кыргыз тилин билүүсүн текшерүү талабы боюнча арызды карайтМинистр Кулубаев Кытай менен виза режими боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты Соцтармактын колдонуучусу "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деп шек саналууда