Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Кеминден Бишкекке чейин акы төлөнүүчү айланма жол курулат


Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол. Иллюстрация.
Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол. Иллюстрация.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин чыгыш тарабына акы төлөп жүрүүчү айланма жолду куруу боюнча токтомго кол койду. 1-декабрдагы документке ылайык, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашат жана ага өнөктөш катары Бишкек мэриясы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кирет.

Ал үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги жергиликтүү бийлик менен макулдашып, 79,8 гектар жер таап, транформациялап бериши керек.

Токтом 16-декабрдан тарта күчүнө кирери жазылган.

Бул долбоор тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 27-ноябрда иш сапары менен Кеминге барганда сөз кылып, иш башталып жатканын айткан.

“Кеминдиктер, билесиздер, шаарга киргенде тыгын болуп, Канттан өткөндөн кийин кыйналып жатасынар. Ошол көйгөйдү чечүү үчүн 65 миллион долларга айланма жол куруп атабыз. Бул акылуу болот жана Кеминдеги чек ара бекетинин тушунан кирип, Көк-Жардан чыгасыңар. Болгону 200-300 сом акча, эки-үч саат текке кетпейт”.

2023-жылы Өзгөн районунда акы төлөп өтүүчү айланма жол курулуп, ишке берилген. Жергиликтүү өкмөт “Тез жол” жана “Жагалмай” деген эки компания менен келишим түзүп, долбоор 29 млн доллар деп бааланган. Келишимдин мөөнөтү 49 жыл деп белгиленген. Жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынган.

Бул долбоор салынып жатканда, куруучу “Тезжол” компаниясы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге тиешелүү экени айтылып, президент Жапаров да “инвесторду Тай-Мурас Ташиев тапканын” билдирген. Кийин ал өзү бул долбоордон баш тартканын айтып чыккан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG