Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашууга 11,5 чакырымдык кошумча тоннел курулат


Бишкек–ьОш жолундагы Төө-Ашуу ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек–ьОш жолундагы Төө-Ашуу ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

2-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана "Тез Жол" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилеринин ортосунда Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы кошумча тоннел куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, "Келечек" альтернативдик тоннели мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулат.

Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан, узундугу 11,5 км түзгөн жаңы тоннел жыл бою коопсуз жүрүүнү камсыздайт. Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 МВт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да каралган.

Бишкек–Ош жолундагы 129-132-чакырымда, деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуудагы азыркы тоннелден бир күндө жеңил жана жүк ташуучу эки миңдей автомашина өтүп турат. Кусеин Көлбаев атындагы бул тоннелдин узундугу 2,6 километр.

Тоннел 1957-жылы курула баштап, 1964-жылы пайдаланууга берилген. Долбоор боюнча ал жер тонналаган жүгү бар машинелерди тейлөөгө ылайыкталган эмес. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган. 2023-жылы тоннелдин ичиндеги жолу оңдолгон.

Кыргызстандын бийлиги акыркы жылдары Төө-Ашууга акы төлөнүүчү кошумча тоннел куруп, жүктөмдү азайтуу үчүн инвестор издеп келген. Азыркы бийликтин тушунда бул аракеттер күчөтүлүп, чет жактан адистерди чакырып, тиешелүү компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG