Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Зеленский Парижде, Уиткофф Москвада. Украина үчүн тагдыр чечүүчү мезгил


Краматорскидеги борбордук базарга тийген соккудан кийинки өрт, 29-ноябрь, 2025-жыл
Краматорскидеги борбордук базарга тийген соккудан кийинки өрт, 29-ноябрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Украин президенти Зеленский Парижде Франциянын лидери Макрон менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
  • АКШ жана Украина дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантып, жаңыланган 19 пункттан турган "тынчтык планды" талкуулашты.
  • Украинадагы коррупция чуусу Москванын дагы көңүлүн буруп, Зеленскийдин жакын өнөктөшү Ермак кызматтан кетти.

1-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Париждеги Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушту. Орусия Украинага согуш ачкандан бери дээрлик төрт жылга жакындап калганда согушту токтотууну көздөгөн дипломатиялык аракеттердин дагы бир маанилүү аптасы башталды.

Зеленскийдин "адилеттүү жана туруктуу тынчтык шарттарын табууга" багытталган сапарынын алдында Флоридада АКШ менен Украинанын делегациялары жолуккан. Эки тарап бул сүйлөшүү "жемиштүү" гана болгонун айтып, иштин башка чоо-жайына токтолгон эмес.

Согушту токтотуу боюнча “чечүүчү жума”

Украин президентинин администрациясынын кеңешчиси Михаил Подоляк 1-декабрда “Настоящее Время” каналына курган маегинде Орусияга "жеңилдик берүү менен согушту токтотуу мүмкүн эмес" экенин айтат.

"Тескерисинче, мындай кадам Орусияга башка жактарга да кол салууга дем берет. [АКШ президенти Дональд] Трамптын тынчтык демилгесинин түшүнүктүрөөк, компромистүү версиясы каралат деген ойдомун ", - дейт Подоляк. Ал ноябрь айынын ортосунда Ак үй сунуштаган план тууралуу айтып жатат.

Ал документтин ачык жарыяланып кетиши учурдагы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн башталышына жол ачты. Ал арада Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Кая Каллас тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн алдыда "маанилүү жума болушу ыктымал" экенин билдирди.

Украина: Уиткофф Москвага, Зеленский Парижге барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

2-декабрда АКШнын атайын чабарманы Стив УиткоффМосквада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуга турганы маалым болду. Бул Уиткоффтун быйылкы жыл башынан берки Путин менен алтынчы жолугуусу болмокчу.

АКШ сунуш кылган алгачкы 28 пункттан турган план украин тарапты тынчсыздандырып, алтургай Зеленскийди да ачууланткан.

Андан кийин Киевдин делегациясы 23-ноябрда Женевада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио баштаган америкалык өкүлдөр менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жыйынтыгында 19 пункттан турган жаңыланган план пайда болгон.

Анда Донбасстын келечеги, Украинанын НАТОго кошулушу жана украин армиясынын саны сыяктуу олуттуу маселелер талаштуу бойдон турат.

Орус армиясынын Днепрого жасаган соккусунун кесепети. 1-декабрь, 2025-жыл.
Орус армиясынын Днепрого жасаган соккусунун кесепети. 1-декабрь, 2025-жыл.

Киевдеги коррупция чуусу, Москванын кубанычы

Соңку күндөрү Украинанын жагдайын президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Ермакка байланышкан коррупциялык чуу ого бетер алсыратты. Эч кандай мыйзам бузууга барбаганын жана жөн жерден жаманатты болуп жатканын айткан Ермак 28-ноябрда кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ал Женева барган делегацияны жетектеген.

Подоляктын айтымында, Украинадагы жемкорлук чуусунан Москва "ырыхат алып жатат".

“Алар Украинадагы ички жаңжалды ырбатууга ар дайым салым кошуп келишет. Муну маалымат платформалары, социалдык түйүндөр аркылуу кантип жасоону жакшы билишет. Азыр алар бул коррупциялык чууга ырахаттануу менен көз салып турушат" - деди ал.

Трамп 30-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы бул чуу тынчтык процессине “бөгөт болуп жатканын” айтты.

Согуш уланууда

1-декабрда Украинанын бийлиги Днепродогу орус армиясынын ракеталык чабуулунан үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алганын билдирди.

Ошол эле учурда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков украин армиясы Орусиянын мунай инфраструктурасына дрон менен чабуул коюп жатканына даттанды.

Ал дем алыш күндөрү Каспий мунай консорциумунун(CPC) инфраструктурасына жасалган чабуулду «анын эл аралык маанисин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусуна эске алганда акылга сыйгыс" деп атады. Ал консорциумга америкалык Chevron мунай компаниясынын да катыштыгы бар экенин эске салды.

Казакстан бул чабуул боюнча Украинанын өкмөтүнө расмий нааразычылык билдирип, аны “жарандык объектке жасалган үчүнчү чабуул” деп атады.

Киев буга чейин орус армиясын мунай менен камсыздап, каржылап келген жайларга сокку уруп жатканын жүйө келтирген.

Ал эми Москва болсо 2022-жылдын февралынан бери Украинадагы мектептерге, ооруканага, турак жайларга жана башка жарандык объекттерге абадан сокку уруп келет. Чабуул боюнча далилдер арбын болгонуна карабай, жарандык инфраструктураны бутага алганын четке кагууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG