Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Шайлоо: №24 округдагы баштапкы жыйынтык өзгөрүп, талапкер Карыбек уулу 2-орунга чыкты


Улукбек Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча №24 шайлоо округунан талапкер Улукбек Карыбек уулу 2-орунда баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы эсепке караганда, Карыбек уулун аралыктан шайлаган 1320 жарандын добушу буга чейинки жыйынтыкты өзгөрттү.

30-ноябрдын кечинде жарыяланган алдын ала жыйынтыкта бул округдан 1-орунда Жумабек Салымбеков, экинчиде 5489 добуш менен Арафат Исмаилов бараткан. Соңку жыйынтыкка ылайык, Карыбек уулунун аралыктан жана автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алган добушу 6 миң 159, ал эми Исмаиловдуку 5 миң 739 болду.

Ал эми 3-орунда Гүлнара Акимбаева 3 миң 520 добуш менен баратат.

Бул алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алынган маалымат жана юридикалык күчкө ээ эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы кол санак бүткөндөн кийин чыгарылат.

Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Мурда "Манас жаңырыгы", "Марва" телеканалдарында иштеп, соңку кездери блогерлик менен алектенип, социалдык маселелерди көтөргөн берүүлөрдү тартып келет.

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады.

Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.
Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG