Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





00:11 1.12.2025
00:02 1.12.2025

Добуш берүү күнүн жыйынтыктап жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров өнөктүк башталгандан бери шайлоо мыйзамдарынын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди.

Алардын ичинен үгүт шарттарын бузуу жөнүндө 124, талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу тууралуу 37, административдик ресурсту колдонуу боюнча 8, добуш сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө 46 жана башка маселелер боюнча 54 билдирүү.


Ал эми добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түшкөнү маалым болду, алардын 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18и добуш сатып алуу аракети боюнча.

Шайназаров БШКга келип түшкөн арыз-билдирүүлөр бардыгы мыйзам алкагында каралганын айтты.

22:21 30.11.2025

Чүй облусу бир нече округга бөлүнгөн. №17 округдун борбору деп Кара-Балта шаары көрсөтүлгөн, шайлоочуларынын саны 149 072 адам. Ага Кайыңды шаары, Панфилов району, Кара-Балта шаары толук жана Жайыл районунун айрым айыл аймактары, ошондой эле Талас облусунун Талас району кирет. №18 округдун борбору Беловодск айылы, шайлоочуларынын саны 139 755 адам, курамында Жайыл районунун кээ бир аймактары, Москва жана Сокулук райондору жана Шопоков шаары. №19 округдун борбору Сокулук айылы, шайлоочулары 138 373 адам, курамы - Сокулук районунун айрым айылдары жана Бишкектин Ленин районунун кээ бир аймактары. Борбору Лебединовка айылы болгон № 20 округда 127 760 шайлоочу катталган, курамына Чүйдүн Аламүдүн районунун, Бишкектин Биринчи Май, Свердлов, Ленин райондорунун айрым аймактары кирген. Ал эми 132 142 шайлоочусу бар №26 округдун борбору деп Токмок шаары көрсөтүлгөн, курамында Токмок, Кемин шаарлары жана Чүй, Кемин райондорунун айрым аймактары бар.

Талас району Чүй облусунун айрым райондору менен катар кирген № 17 округда үч орунга 15 талапкер атаандаш болду. Добуштарынын саны жагынан Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев жана аялдардан Чолпон Эсенаманова алдыда келе жатат.

№18 округ боюнча 16 талапкер катталган. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында депутат болгон 43 жаштагы Карим Ханджеза жана талапкерлер Эркин Бийбосунов, Эркин Чомоев, аялдардан Гүлжан Сатиева менен Лейла Лурова алдыда.

№19 округда 25 талапкер ат салышты. Баштапкы эсеп боюнча алдыда келе жаткан талапкерлер - Абдылдабек Эгембердиев, Медербек Алиев, Эдита Тайгараева жана Рысгүл Акимжанова.

№20 округда 18 талапкер болду. 26 жаштагы Темирлан Айтиев алдыда келе жатат, андан кийин, добуштардын саны боюнча, Сеидбек Атамбаев, аял талапкерлерден Токтобүбү Ашымбаева алдыда.

№26 округда 17 талапкер катталган. Бул жерде эң көп добуш топтогондор, баштапкы эсеп боюнча, Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев, ал эми аялдардан парламенттин буга чейинки чакырылышында вице-спикер болгон Жамила Исаева алдыда баратат.

22:09 30.11.2025

Ысык-Көл облусу үч округга карайт. №27 округдун борбору деп Чолпон-Ата шаары белгиленген, курамына Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу райондору кирет, №28 округдун борбору Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылы, бул жакка Каракол шаары, Жети-Өгүз жана Тоң райондору карайт. № 29 округга Балыкчы шаары да кирген.

№27 округда үч орунга 24 талапкер ат салышты. Эң көп добуш алган эркек талапкерлерден алдыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Түмөнбаев, талапкерлер Табылды Муратбеков жана Каныбек Султанов келе жатат. Ал эми аялдардан бул округда алдыга Гүлкан Молдобекова чыкты, ал 61 жашта, Жогорку Кеңештин VI жана VII чакырылыштарында депутат болгон.

№28 округда үч орунга 17 талапкер атаандаш болду. Эркек талапкерлерден, баштапкы эсеп боюнча, мурдагы депутат Эрулан Көкүлов, талапкер Болот Сагынбаев жана аял талапкерлерден 46 жаштагы ишкер, SKY Industrial Group ишканасынын жетекчиси, Кыргызстанда лифт чыгара турган алгачкы завод ачкан Рахат Жунушбаева алдыда.

№29 округда үч орунга 13 талапкер ат салышты. Эркек талапкерлерден алдыда парламенттин мурдагы вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев жана талапкер Адилет Белеков, аялдардан Гүлсүнкан Жунушалиева.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG