Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Жашыруун сүйлөшүү: Ак үй менен Кремлдин өкүлдөрү эмнени талкуулады?


коллаж
коллаж

мазмуну

  • Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барат. Анын бул сапары Украина үчүн "жагымсыз болуп калышы мүмкүн" деген тынчсызданууну күчөттү.
  • АКШнын тынчтык планы талаш жаратты. Анда Украинанын НАТОго мүчө болуусуна байланышту айрым чектөөлөр жана армиясына коюлган олуттуу талаптар камтылган.
  • Ошол эле учурда Уиткоффтун дипломатиясына байланышкан күмөн саноолор да өсүүдө. Анын Кремлдин котормочуларына таянганы жана жарыяланып кеткен телефон сүйлөшүүлөрү ар кандай түкшүмөлдү жаратты.

Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага алтынчы ирет аттанат. Украина "тынчтык келиши" Москванын пайдасына түзүлүп калат деп кооптонууда. Мындан тышкары маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен телефон сүйлөшүүнүн аудиосунда Вашингтондун чабарманы Кремлдин өкүлүнө Ак үйдүн тилин кантип тапса болорун айтып жатканы угулат.

Ал эми 46 айдан бери уланып жаткан согуш Украинанын ансыз да алсырап турган армиясын критикалык чекке кептеди.

АКШ сунуштап жаткан тынчтык долбоору алгач ирет жарыяланып кеткен жети күндөн бери көп нерсе өзгөрдү.

28 жободон турган ал план буга чейин токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантып, күн тартибине чыгарды.

АКШнын президенти Дональд Трамп январда кызматка расмий киришкенде эле Украинадагы урушту 24 саатта токтотууну убада кылган.

Учурда Вашингтон, Москва, Киев жана Европанын бир катар мамлекеттери талаштуу, бирок реалдуу план боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.

АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф.
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф.

Негизги талаштуу жагдайлар

АКШнын планы жарыяланган соң ал документ Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин да колуна тийген. Көп өтпөй украин лидери өзүнүн администрация башчысы Андрей Ермак жетектеген делегацияны Женевага шашылыш жөнөттү. Ал жакта мамлекеттик катчы Марко Рубио башында турган америкалык делегация менен сүйлөшүүлөр өттү.

Маалыматка караганда Зеленский алгач планды колго алганда нес болуп калган. Анын пикиринде план Орусиянын согушка чейинки позициясын дээрлик кайталап калган. Анткен менен Женевадагы сүйлөшүүлөрдин алкагында жаңыланган концепция иштелип чыккан. 19 жободон турган жаңы план Ак үй жана Зеленскийдин кеңсеси билдиргендей "туруктуу жана адилеттүү тынчтыкты" камсыздоого багытталган.

Ошентсе да Зеленский эң талаштуу курч суроолор боюнча орток пикир табыла электигин кыйытты. Алардын арасында Кремль канча жылдан бери басып алууга аракет кылып келген Донецк облусунун бир бөлүгүнүн тагдыры турат. Москва буга чейин Донецк облусун толук көзөмөлүнө алуу ниетин кайталап келген. Бул Путин эч негизсиз "Орусияныкы" деп атаган Украинанын беш облусунун бири.

Ушунча жылдан бери украин армиясы салгылашып келген аймакты Москванын колуна жөн эле өткөрүп берип коюу Киев үчүн чоң жоготуу дегенди билдирет. Ошондой эле мындай кадамдын Зеленский үчүн да саясий кесепети болуп калышы толук ыктымал.

Пландагы талаштуу маселелердин дагы бири - Кремлдин Украинаны НАТОго киргизбөө жана украин куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу деген талаптары.

АКШнын долбоорунда Украина "НАТОго кирбестигин Конституциясына жазып коюга" милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Ал эми альянс Украинаны мүчөлүккө кабыл албайт деген расмий кепилдик бериши керек.

Мындай ыкма Украина үчүн кабыл алынгыс болушу ыктымал. Анткени өлкө өзүнүн геосаясий тандоосун эркин жасай турганы жана Конституциясында НАТОго мүчө болуу максаты түздөн-түз көрсөтүлгөн.

Уиткоффтун кийинки жумада күтүлгөн Москвага сапары Ак үй Женева жана Абу-Дабиде белгиленген айрым же бардык пункттарды бекемдөө үчүн шашылып жатканын айгинелейт. Ак үйдүн чабарманы Орусияга барарын Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков дагы ырастады.

Трамп карачечекей күйөө баласы Жаред Кушнер Уиткоффту Москвага коштоп барарын айткан. Бирок Ушаков да, Кремлдин маалыматчысы Дмитрий Песков да бул тууралуу комментарий жок.

Айрым маалыматка караганда, буга чейин Кушнер Уиткофф менен бирге Орусиянын өкүлү Кирилл Дмитриевге жолуккан. Ал жолугушуу тууралуу расмий жарыяланган эмес. Дмитриев өзү дипломат болбосо да Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүлөрүндө өзгөчө ролу бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф.

Талаштуу телефон сүйлөшүү

Октябрь айынын соңунда Гарвардда билим алган ишкер, Орусиянын суверендүү фондун жетектеген Кирилл Дмитриев Майами менен Флоридага барган. Ал жактан республикачылардын өкүлү Анна Лунага кандайдыр бир документтерди тапшырган. Лунанын айтымында, арасында президент Жон Кеннединин өлүмү боюнча маалыматтар бар болчу. Ошондой эле ал Лунага шоколад жана Путиндин учкай сөздөрүнүн топтомун берген.

Дмитриев 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин бир катар орусиялык аткаминерлер менен "кара тизмеге" алынган. Трамптын каржы министри аны "Кремлдин пропагандисти" деп атаган.

Андан кийин маалым болгондой, Дмитриев Вашингтондун уруксаты менен четке ээн-эркин саякат кылууга мүмкүнчүлүк алган. Майамиде Уиткофф жана Кушнер менен жашыруун жолугушууларды өткөргөн. Бул жолугушуулар Ак үйдүн жана Мамлекеттик департаменттин айрым өкүлдөрү үчүн күтүүсүз болгон.

Бир катар АКШ сенаторлорунун айтканына ишенсек, Марко Рубио аларга Ак үйдүн "тынчтык планы" орустардын таасири менен түзүлгөнүн кыйыткан. Бирок Дмитриевдин аты аталган эмес. Анткен менен Рубио Женевада бул Американын долбоору экенин баса белгилеген.

25-ноябрда Трамп Уиткоффтун Москвага барарын жарыялардан көп узабай, Bloomberg агенттиги Уиткофф менен Ушаковдун телефон сүйлөшүүсүнүн транскриптин (терилген тексттин) жарыялады.

Сүйлөшүү 14-октябрда болгон. Ал эми 16-октябрда Трамп менен Путин телефондон сүйлөшкөн.

Орус армиясы аба чабуулдарын улантууда.
Орус армиясы аба чабуулдарын улантууда.

Транскриптке ылайык, Уиткофф Ушаковго Трампты алдыдагы тынчтык келишими боюнча “болушунча ” мактоого кеңеш берген.

"Мен жөн гана чалып, сиз президентти бул жетишкендиги менен куттуктаганыңызды, аны колдооруңузду, аны дүйнө адамы катары сыйларыңызды кайталамакмын. Дегеле ушунун баарына кубанычта экениңизди айтмакмын", - деген Уиткофф.

Bloomberg бул телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун кайдан алганын айткан эмес. Бирок ал Американын чалгын кызматтарынын колунан келген болушу ыктымал. Анткени алар чет өлкөлүк чиновниктердин сүйлөшүүлөрүн буга чейин да жаздырып алганы ачыкка чыккан. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу транскрипттин чын-төгүнүн өз алдынча тастыктай алган жок.

Ошондой эле Уиткофф "мен тынчтык келишимине жетүү үчүн эмне керек экенин билем. Донецк жана балким жер алмашуу болот", - деп кошумчалаган.

Трамп мындай сүйлөшүү болгонун жарым-жартылай ырастады. Бирок анын мазмунун тактаган жок.

"Мунун баары келишим түзгөн адамдын иши", - деди ал.

Ушаков да телефондон ушул өңүттө сүйлөшүү болгонун бышыктагандай болду. Ал Орусиянын мамлекеттик телеканалына бул маалымат тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "тоскоолдук жаратуу максатында" жарыялаганын айткан. Кийин ал "Коммерсант" басылмасына курган маегинде Уиткофф менен WhatsApp мессенжеринен сүйлөшкөнүн кошумчалаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG