25-ноябрдын кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунда президент Садыр Жапаров расмий салтанат менен тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, ардак кароол тизилип, кызыл килем төшөлдү. Андан кийин Бишкектин борборундагы Жеңиш аянтында өчпөс отко гүлчамбар коюлду.
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу шаршемби күнгө белгиленген. Президенттин админстрациясы таратканда маалыматка караганда, анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо багыттары боюнча талкуу өткөрөт. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.
Бул сапардын жүрүшүндө Орусиядагы кыргыз мигранттарынын соңку абалы, алар кабылган кыйынчылыктар, бул жаатта кабыл алынган чечимдер талкууланабы, жокпу белгисиз.
Путиндин сапары 27-ноябрга чейин уланат. Ушул күндөрү Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити дагы өтөт.
Бул уюмга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус мүчө. Армения 2024-жылдан тарта мүчөлүгүн токтоткон. Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкек саммитине катышпай турганын билдирген. Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген. Армения ошондон бери уюмга мүчөлүк акыны төлөбөй келет, ошол эле маалда ЖККУдан биротоло чыгып кеткенин дагы жарыялаган эмес. (AiA)
Шерине